www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган Анкара Финляндиянын НАТОго мүчө болуп киришине макулдук берип, Швецияга макулдук бербеши мүмкүн экенин кыйытты.

Түркия менен Швециянын мамилеси соңку аптада олуттуу түрдө начарлап кетти – Анкара Стокгольмду макулдашуунун шарттарын аткарууга ниети жок деп айыптап жатат. Түркия Швецияда Курандын өрттөлүшүн да катуу сынга алууда.

Финляндия менен Швеция былтыр май айында НАТОго кирүүгө арыз тапшырган. Буга Орусиянын Украинага кол салганы себеп болгон. Көп убактыттан бери аскердик бейтараптуулукту карманып келген эки коңшу өлкө НАТОго кирүү боюнча күчтөрүн бириктирүүгө макулдашкан.

"Зарыл учурда Финляндияга караганда Швецияга башкача жооп берип коебуз. Швеция биздин мындай жообубузга айраң-таң калат" – деген Эрдогон.

Швециянын НАТОго кошулуусунун келечеги жөнүндө айткан Эрдогон Курандын өрттөлүшүнө басым жасабастан, Стокгольмдон Түркия террорчулукка шек санаган ондогон күрд активисттерин берүүнү сурады.

"Эгер НАТОго кошулууну абдан каалап жатсаңар, анда ал тероорчуларды бизге өткөрүп бергиле", - деди Эрдоган.

Арызды канааттандыруу үчүн протоколду НАТОнун бардык мүчөлөрү – 30 өлкө ратификациялашы зарыл. Азырынча макулдугун 28 өлкө берди. Венгрия жакынкы арада ратификациялайт деп болжолдонууда. Түркия альянстын мүчөсү катары Швециянын кабыл алынышына каршы добуш бере алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости