www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда активисттер салттуу эмес медицинанын мыйзамсыз деп таанылышын талап кылууда. Буга соцтармактарга хижама жасаткан балдардын видеосунун жарыяланышы себеп болду.

Атырау шаарындагы жеке медициналык борбордун жумушчусунун соцтармактардагы баракчасы шаңдуу музыканын коштоосунда балдардын ыйлап жатканы тартылган видеолорго толгон. Ал адамдарга салттуу эмес медицина деп эсептелген хижама жасайт. Анын кардарларынын арасында бети тилинген кичинекей балдар да бар.

"Мисалы, апа жана аял катары мага ал видеолорду көрүү өтө оор болду. Ал жерде бир баланын каны токтобой жатканы тартылган видео да бар. Алар мындай учурларды видеого тартып, жарнама кылууга, шамандык ыкмаларды жайылтууга уруксат берип жатышат", – деди "НеМолчи.kz" коомдун фондунун башчысы Дина Смаилова.

Кан алуу онкология, анемия жана жүрөк-кан тамыр оорулары үчүн кооптуу. Бул ыкманы колдонууда жашы жете элек балдар чоң тобокелдик тобуна кирет. Өзгөчө ымыркайлар ооруга жана кан жоготууга сезгич болушат. Аларда кийин неврологиялык оорулардын жаралуу коркунучу жогору болот.

"Хижамадан кийин кичинекей балдар тынчтанып, жакшы уктап калганын айтып жүрүшөт. Бул учурда организм жөн гана өтө оор стресстен жана кан жоготуудан калыбына келүүгө аракет кылып жаткан болот. Ал адамдар операциядан кийин уктап жаткандай эле көрүнүш", – деди неонатолог дарыгар Владислав Гусев.

Оорудан улам катуу ыйлап жаткан баланын соцтармактарга чыккан видеосу көптөгөн сын-пикирлерди жаратты. Колдонуучулар видеонун алдына кыжырданган билдирүүлөрдү жазып, Атырау шаарында эле эмес, бүтүндөй Казакстанда салттуу эмес медицинага тыюу салууну талап кылууда.

Бирок Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги салттуу эмес медицинага "согуш" жарыялоого шашылган жок. Мекеменин башчысы хижама жасагандарды токтотордон мурда анын канчалык кооптуу экенин түшүнүү керектигин айтты.

"Хижама лицензиялана турган медициналык жардамдын түрлөрүнө кирбейт. Ошондуктан комитет бул фактыны териштирип жатат. Андан соң биз бул маселени карап чыгабыз", – деди өлкөнүн саламаттык сактоо министри Ажар Гиният.

Казакстанда хижама жасоо кызматын сунуштаган жүздөгөн интернет-жарыялар бар. Бирок анын оорулардын алдын алуудагы жана дарылоодогу пайдасын ырастаган бир да авторитеттүү изилдөө жок. Ошол эле маалда хижама жасаткандан кийин бейтаптын абалы начарлап кеткен учурлар көп.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости