www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте болгон жардырууну жанкечти жасаганы маалым болду.

Күбөлөр "Машаал" радиосуна билдиргендей, имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти кемселине бомба катып келип жардырган. Каргаша 30-январда 260тан көп адам бешим намазына чогулганда болду. Акыркы маалыматтарга караганда, 37 киши өлүп, 150дөйү жараат алды. Имараттын бир бөлүгү урап, бир нече адамды басып калган.

Полиция кызматкерлери ооруканага ондогон жарадар жеткирилгенин, бир тобунун абалы оор болгондуктан курмандыктар көбөйүшү мүмкүндүгүн билдиришти.

Жардырууну “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылы уюштурганын топтун кол башчыларынын бири Сарбакаф Мохманд Твиттерге жазды.

Премьер-министр Шахбаз Шариф жардырууну айыптап, анын артында тургандарга “катуу чаралар” көрүлөрүн айтып, жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү буйруду.

Мурдагы премьер-министр Имран Хан да жардырууну айыптап, аны "террордук чабуул" деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости