www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БАТКЕН: 418 үйдүн акчасын жеп коюшканбы?

Бийлик Тажикстандын кол салуусунан үй-жайы талкалангандардын тагдырын 20 жаштагы студентке байлап берген. Кечээ эле тез татымда иштеген жигит бүгүн кантип 420 үйдү куруп жатат? Бул сырдуу иштин түйүнүн чече келгенде жогорку кызматтагы аткаминердин карааны көрүндү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кан төгүлгөн өрүкзардагы көмүскө кызыкчылыктарды иликтеди.

Эске салсак, кандуу кагылыш өткөн жылдын 14-17-сентябрь күндөрү болгон. Баткенде адам өлүмүнөн сырткары 420 турак жай толугу менен талкаланып, өрттөлгөн. Кыргыз бийлиги ал үйлөрдү башынан курууга тендер жарыялаган. Ага 7 компания катышып, аты-жыты белгисиз "Аманат курулуш инвест" фирмасы утуп чыккан. Тендердин жалпы суммасы 1,3 миллиард сом, ар бир там 3 миллион 315 миң сомго бааланган. Компания баарын эки айда бүткөрүүнү убадалап, бирок белгиленген мөөнөттө экөөнү араң кура алды.

Президент Садыр Жапаров да жаңы жылга чейин Баткендин тургундарын жаңы үйгө киргизүүгө тапшырма берген болчу. Ал аткарылган жок, жадагалса январдын аягына чейин 39 турак жай гана салынып бүткөн.

20 жаштагы студенттин башкаруусундагы миллиард сомдон ашык тендерди уткан компаниянын артында ким турат? Анын жообун издеп баштаганда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин карааны көрүндү.

Өтө чоң милдетти мойнуна алган башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясынын башкаларчылап расмий сайты жок, социалдык баракчаларын да ачкан эмес.

Юстиция министрлигинин сайтында фирманы Бекбол Жанабек уулу 2021-жылдын 30-декабрында жалгыз өзү негиздегени жазылган. Кызыгы, Баткенге үйлөрдү курууга тендер 7-октябрда өткөн. Ошол учурда компанияны Жанабек уулу жетектеп турган. Ал 20 жашта, Кыргыз улуттук университетинде 3-курста окуйт. Окуу жайдын мугалимдери Жанабек уулу тоголок жетим болгондуктан контракт төлөөдөн бошотулганын айтышты.

Ал эми 2022-жылдын 24-ноябрында жетекчилиги алмашып, Давид Камбаров ээлик кылып калган. Ушул жерден бизди 420 үйдү курууга шымалана киришкен 32 жаштагы Давид Камбаров ким экени кызыктырды.

Өздүк маалымат булактар ал Каныбек Туманбаевдин айылдашы, ар дайым жанында жүргөн жакын иниси экенин айтышты. Андыктан биз чынында эле кандай байланышы бар экенин тактап көрдүк. Натыйжада экөөнүн жакындыгын далилдеген бир нече материалдарды таба алдык.

Көрсө, экөө тең Аксы районунун Кербен шаарынын кулундары экен, бирок бул эч нерсени далилдебейт. Дагы карап көрөлү.

Камбаров 2020-жылкы парламенттик шайлоодо "Биримдик" партиясына демөөрчү болуп фондуна 200 миң сом которгон. Туманбаев дал ушул партия менен депутаттыкка аттанган.

Бирөөнүн телефон номерин эмне деп жазып сактаганын көрсөткөн "Гет контакт" деген тиркеме бар. Давид Камбаровдун номерин ал жактан текшергенибизде белгилүү тез татым ресторанынын башкаруучусу жана ушуга уйкаш сөздөр чыкты. Франшизасынын ачылышындагы сүрөттөрдү карай турган болсок, Туманбаев жетекчилердин бири катары лента кесип жатат.

Дагы бир жагдай. Камбаров 2021-жылы августта Айдаркен сымап комбинатынын логистика бөлүмүнүн адиси болуп иштеген. Ошол кезде Садыр Жапаров ал жакка барганда комбинаттын иши менен Туманбаев тааныштырып жүргөнүн көрүүгө болот.

Мына ушинтип Туманбаев кайда барбасын, Камбаров ошол жерден чыгууда.

Бул суроолордун жообун Каныбек Туманбаевдин өзүнөн алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Бир нече ирет телефон чалганыбызда да жооп бербей жатат. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков ал интервью бербей турганын айтып, суроолорго өзү жооп берди.

"Аманат курулуш инвест" курулуш компаниясына юридикалык жактан Каныбек Туманбаевдин тиешеси жок. Давид Камбаров менен Каныбек Туманбаев буга чейин кайсы бир иш-чараларда чогуу болуп калганынан эч кандай мыйзам бузуу белгилерин көргөн жокпуз. Давид кандай таанышы же айылдашы экени маанилүүбү же Давид кандайдыр бир шектүү иштерге, мыйзам бузууларга барып жатабы? Анын тааныш экени эмне үчүн маанилүү болуп жатат? Эмне айылдаш болгон күнөөбү?" — деди Орунбеков.

Каныбек Туманбаев Баткендеги үйлөрдүн курулушун карап жүрөт. Жадагалса президент барганда дагы өзү көрсөтүп жатканын байкоого болот. Бирок ал жерден үйлөрдү курууга заказ берген, сапатын көзөмөлдөгөн орган Мамкурулуштун жетекчисин көрө алган жокпуз.

Дагы бир жагдай, "Аманат курулуш инвест" тендерден уткандан кийин үйлөрдү өзү курбай эле 34 субподрядчы жалдаганы белгилүү болду. Ошол эле учурда бийлик каражатты эч кечигүүсүз которуп жатканын айтууда, бирок субподрядчы уюмдар акчасын өз убагында ала албай жатканын, болбосо тез эле куруп бүтмөктүгүн билдиришти.

Ал арада Баткендин 4000дей тургуну ызгаар суукта ар кайсы жерде баш калкалап жүрөт.

Албетте, биз каражат сол чөнтөккө солонуп жатат деп айта албайбыз. Коромжу болдубу же жокпу, укук коргоо органдары көз салып турган чыгар. Кантсе да бул иш президенттин көзөмөлүндө турат эмеспи.

Чечилбеген чек арага чеп болом деп запкы тартканы аз келгенсип, кыш чилдеде ар кайсы жерде күн кечирип жүргөн Баткендин тургундары көпкө чейин карайлабаса экен деп тилек кылабыз.

Булак: Спутник (иликтөө)

Последние новости