www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) эпидемиясы дагы эле эл аралык өзгөчө кырдаалды түзөт, ал эми вирус коркунучтуу жугуштуу оору бойдон калганын билдирди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму Ковид-19 өзгөчө кырдаалдар комитетинин акыркы жыйынынан кийин эпидемия глобалдык коңгуроону талап кылабы же жокпу деген жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө, Ковид-19 эл аралык маанидеги коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаалды (PHEIC) түзүүнү улантып жатканы баса белгиленди.

Билдирүүдө, «балким өткөөл баскычта» болгон эпидемия адам ден соолугуна карата жогорку глобалдык коркунучун сактап жатканы айтылып, «Комитет учурда дүйнө жүзү боюнча жайылып жүргөн Omicron субварианттары өтө жугуштуу болгонуна карабастан, мурунку варианттарга салыштырмалуу инфекция менен оор оорунун ортосунда айырма бар экенин моюнга алды. Бирок вирус алдын ала айтууга болбой турган касиеттери бар жаңы варианттарга айлануу мүмкүнчүлүгүн сактап калууда»,делди.

Эпидемия «бурулуш чекитине жакындап калышы мүмкүн» деп айтылган билдирүүдө вирустун глобалдык таасирин чектөө үчүн кээ бир сунуштар айтылды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус 25-январда Ковид-19дан акыркы 8 жумада 170 миңден ашуун адам каза болгонун билдирди.

Бир тараптан Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдор Федерациясынын (IFRC) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Тарыхта жазылган эч бир жер титирөө, кургакчылык же бороон Ковид-19 эпидемиясынан көп адамдын өмүрүн алган жок», деп айтылган.

Өлгөндөрдүн саны 6,5 миллиондон ашканы белгиленген билдирүүдө кийинки эпидемияга эч бир өлкөнүн даяр эместиги, өлкөлөрдүн «көп коркунучтарга» даяр болушу керектиги баса белгиленди.

Последние новости