www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британ өкмөтү Орусия менен түз тирешүүгө даярдануу үчүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүсү керек. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда британ парламентинин общиналар палатасынын Коргоо комитетинин төрагасы Тобиас Эллвуд "Sky News" телеканалына билдирди.

«Акыры Казыналык жана 10 Даунинг Стрит (Премьер-министрдин кеңсеси) дүйнө өзгөрүп жатканын моюнга алышы керек. Биз болуп жаткан иштерге катышып жатабыз, жада калса аракетибизди дагы күчөттүк. Аскердик камсыздоо процессинде биз Украинага дагы техника жөнөттүк, менимче, бардык ишти Украинага жүктөбөй, Орусияга тикелей каршы чыгышыбыз керек», - деди парламент депутаты.

Ал ошондой эле Киевге жардамды олуттуу көбөйтүүнү жана жакында НАТОго кирүү мүмкүн эмес Украинаны Бириккен экспедициялык күчтөрдүн мүчөсү кылууну сунуштады.

Маалымат үчүн айта кетсек, биргелешкен экспедициялык күчтөр Түндүк өлкөлөрүнүн аскердик кызматташтыгынын форматы болуп саналат, ал үзгүлтүксүз биргелешкен машыгууларды жана консультацияларды камтыйт.

Эске салсак, буга чейин Улуу Британия Украинага төрт Челленджер 2 танкасын жөнөтүүнү чечкен.

Хулкар Муртазаева, Ташкен

Булак: NazarNews.kg

Последние новости