www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 28-январында Ирандын түндүк-батышында күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепетинен 816 адам жабыркап, үч адам каза болгон. Бул тууралуу IRNA агенттиги аймактын губернатору Мохаммад Садех Мотамедиянга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, жер титирөөнүн очогу Хой шаарынан 23 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Мотамедяндын айтымында, 64 адам ооруканага жаткырылды.

Расмий маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн эки шаар жана 70тен ашуун айылда имараттардын 50 пайызы кыйрап калган. Ошондой эле 30 айылда электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

Эскерте кетсек, кечээ, 29-январда Пакистанда күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Последние новости