www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу:«Финляндия жөнүндө башка билдирүү бергенде Швеция таң калат», - деди, Билежикте жаштар менен жолугушууда. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесстерине токтолгон Эрдоган: «Биз (Швецияга) «Сиз НАТОго кирүү үчүн бул террористтерди бизге кайтарып бересиздер. Эгер бул террористтерди бизге өткөрүп бербесеңер, биз силерге 120 кишиден турган тизмени бердик, кечиресиз» дедик. Албетте, алар «жок, биз Конституцияга өзгөртүү киргиздик, жок, биз мындай кылдык, жок, тигиндей кылдык» деп өздөрү айтып, ошол күнү жаныбызда болушкан. Алар эми өздөрүн шылдыңдап жатышат. Зарыл болсо, Финляндия жөнүндө башкача кабар бере алабыз. Швеция Финляндия жөнүндө башкача билдирүү бергенде таң калат. Бирок Финляндия да бул катаны кетирбеши керек»,-деп айтты.

Орусия менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарга токтолгон Эрдоган:«Орусия менен болгон мамилебизде өз ара сый жана урматтоо бар. Менин (Владимир) Путин менен болгон мамилем чынчылдыкка байланыштуу. Азырынча Сириянын түндүгүндөгү окуялардан биз каалаган жыйынтыкка жете албай жатсак дагы биз «Азыр үчтүк жолугушууларды өткөрөлү» деп жатабыз. Булар эмне? Орусия,Түркия,Сирия үчилтиги болуп чогулалы. Ал эмес буга Иранды да кошсок болот. Иран да келсин. Сүйлөшүүбүздү ушинтип жүргүзүп, аймакка тынчтык алып келели. Аймак азыркы кыйынчылыктарды баштан кечирбесин. Биз мында натыйжа алдык, алуудабыз жана алабыз», - деди.

Последние новости