www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Москва менен Киевдин ортосундагы туткундарды алмаштыруу маселесин орус президенти Владимир Путин менен талкуулоону кааларын билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 18-августта Украинанын Львов шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуудан кийин өткөн маалымат жыйынында айтты.

«Албетте, жолугушууда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен согуш туткундарын алмашуу жана бул багыттагы демилгелерибизди талкууладык. Буга байланыштуу Путин мырза менен орус тарап азыркы жолугушуунун бардык жыйынтыктарына баа берүүнү улантат», - деди ал.

Түрк лидери тараптар алмашуу маселесине чоң маани берип жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле бул маселени чечүү үчүн Украина менен Орусиянын ортосунда ортомчулук кылууга даяр экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости