www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Реформа деген – 5-10 жылга пландалган, илим менен негизделип, эсеп-кысабын чыгарып, элге таасирин тийгизе турган иш. Ошондуктан, жасай турган ишти терең ойлонуп, кеңешип, келечегин ойлоп жасаш керек. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта, NazarNews маалымат агенттигине Ардагерлер ассоциациясынын төрагасы Накен Касиев билдирди.

- Акыркы учурлардагы саламаттык сактоо тармагындагы жүргүзүлгөн реформалар туура нукта кеттиби?

- Мен кээ бир жүргүзүлгөн реформаларды колдодум. Анткени, мурун жоюлуп кеткен ооруканалар калыбына келтирилди. Ошондой эле директор жана башкы дарыгер деген системаны бириктирүү системасы жоюлуп, жоопкерчилик бир гана кишиде болду. Бул жакшы кадам болду.

Ал эми кээ бир жүргүзүлгөн реформаларга караманча каршы болдум. Анткени, эки оорукананы кошуп койсо же бирөөнү кетирип салганы бул – реформага жатпайт. Бул жөн эле кыскартуу же кеңейтүү деп аталат.

Реформа деген – 5-10 жылга пландалган, илим менен негизделип, эсеп-кысабын чыгарып, элге таасирин тийгизе турган иш.

Эми мурунку министрлер наркология менен психиатрияны, онкология менен гемотологияны кошуп салды.

Онкология деген бул – чоң көйгөй жана чоң күчтү талап кылат. Анан аны эң көйгөйлүү маселе болгон гемотологияга кошуп койду. Экөө тең оор маселе. Мына бүгүнкү күндө кыйналап жаткан кези. Ошондуктан, реформаны жүргүзгөндө терең ойлонуп, кеңешип, келечегин ойлоп жасаш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости