www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-августта, УКМК бизнесмен Журат Абдуллаевди кармады. Ал курал-жарак жана ок-дарыны мыйзамсыз пайдаланып жүргөн деп айыпталууда.

Ошондой эле УКМК Журат Абдуллаевдин үйүнөн жана иш бөлмөсүнөн түрдүү куралжарак, көп сандагы ок-дары, «БРДМ-2» үлгүсүндөгү зооттолгон чалгын-күзөт унаасы, жардыруучу зат жана акча табылганын билдирди.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жогорудагы кармалган жаран, 2017-жылдын 2-ноябрындагы №78-жеткирүү келишимине ылайык, «Газ 41 БРДМ-2» Россия Федерациясынан сатылып алынган.

2018-жылы «Газ 41 БРДМ-2» Аламүдүн району боюнча КР Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Автотранспорт каражаттарын жана аба кемелерин каттоо департаментине 1988-жылы чыгарылган «Газ-4106 кар жана саз» унаасы 08 KG 998 CA мамлекеттик номуру менен Жураев Ж.Т.нын наамына катталган.

Эске салсак, 52 жаштагы жарандын иштеген жана жашаган жерин тинтүүдө атайын соттолгон БРДМ-2 машинасы 7,62 калибрлүү «Калашников» танк пулемёту менен, мындан сырткары, куралдар, ок-дары, жарылуучу каражаттар (Ф-1 гранатасы), сайсыз мылтык жана желим ок атуучу, сатууга тыюу салынган түрдүү калибрдеги куралдар алынган.

Алынган куралдар:

БРДМ-2 (сооттолгон чалгындоо-күзөтүүчү машина) атайын техникасы;

БРДМге орнотулган Калашников танк пулемёту (согуштук);

Ири калибрлүү танкалык Владимир пулемётунун стволунун муляжы;

АКСУ автоматы;

Ок атуучу «Сайга» куралы жети бош магазини менен;

Эки «Вепрь» автоматы 14 бош магазини менен;

«Сайга 12К» куралы эки бош магазини менен;

4,5 калибрлүү Hatsan пневматикалык куралы;

12 калибрлүү сайсыз курал;

«Тигр» винтовкасы;

Fabarm үлгүсүндөгү курал;

Ф-1 гранатасы;

«Форд» желим ок атуучу тапанча үч магазини менен;

планшет, ноутбук;

миңге чукул ар кандай курал үчүн ок;

үч ок өтпөс жилет;

каска, кастет, рация.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости