www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жетим-Тоону коргойбуз деп кыйналбай эле койгула, азыркы өкмөттүн аны иштетүүгө даремети жетпейт», - деди бүгүн, 19-августта, NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.

- Төлөгөн агай, Жетим-Тоо маселесине чекит коюлдубу?

- Жетим-Тоо кенине байланыштуу экиге бөлүнүп алып ызы-чуу салыштын зарылчылыгы жок. Жетим-Тоо кенин иштеткенге азыркы Өкмөттүн даремети жетпейт. Жетим-Тоону коргойбуз деп кыйналбай эле койгула.

Азыркы күндө Ак үйдү коргош керек, мурдагы бийликтин кулашына алып келген жана эл сүйбөгөн чиновниктердин бөлтүрүктөрү Ак үйгө жана май талкан жогорку кызматтарга келиши жакшы жышаан эмес. 

Алардын президенттик аппаратка келиши жана министрлер кабинетинин төрагасынын, министрлердин, мэрлердин буйруктары менен дайындап салышты. Бул деген өлкөгө болгон чыккынчылык, элди урматтоо болгондо мындай ыплас дайындоолор болбойт болчу.

Эске салсак, 14-августта, Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо темир кенин казууга байланыштуу айтылып жаткан кептер боюнча кайрылуу жасады.

Ал кенди толугу менен мамлекет өзү иштетип, бир дагы үлүшү башкага берилбей турганын белгиледи. Бирок аны казуу иштери жакын арада башталбай турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости