www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аталары түптөп кеткен кадыр-барктарына жамынышып, кыргыз элин чоочуткан эрке кыздардын плеядасы өсүп баратат. Жашылбайлар эрке кыздардын көздөрүн чамгарактатып, аталарынын акчаларына таянып мода кубалап жүрө беришпей, кээ бир эрке кыздар мамлекеттин иштерине кийлигишип жиберишет. Бермет Акаеваны билебиз учурунда Кыргызстанды көңтөрүп жибергиси келип жүрүп, атасынын элге кылган кыянатчылыгын эми гана түшүнүп баратат. Дагы бир эрке кыз дүйнөлүк гений Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова. Айтматовдун кадыр –баркы, ар ким менен байланыштары дүйнөдө зор, анын дараметин Ширин Айтматова Кыргызстан мамлекетинин өсүп- өнүгүшүнө жумшабай, жеке керт башынын кызыкчылыгына жумшап, чет мамлекеттердин жашылбайларына таянып, элди чабыштырганга уста.

Элвира Сурабалдиева деген эрке кыз бар. Мунун атасы Жыргалбек Суравалдиев, агасы Камчыбек Суравалдиевич Кудайбергенов Акаевдин бутуна–бут, колуна-кол, чуркап жүрүп байыган адамдар болгон. Ошондон улам “Кудайберген” базарын түптөшүп, Жыргалбек Суравалдиев базарком-миллионерлерден турган үчүнчү парламентке Бермет Акаеванын “Алга, Кыргызстан” партиясынан депутат болуп келет. 2005-жылы 24-мартта Акаевдик бийликти колдогон көк шапкечендерге  Жыргалбек Суравалдиев баш көз болгон деген кеп бар. Жыргалбек Суравалдиев ошол эле жылдын 10-июнунда криминалдык жаңжалдардан улам атылып көз жумган.

Камчыбек Кудайбергенов “Кыргызалтын” компаниясын жетектеп “Кумтөрдөгү ” жана “Макмалдагы” алтынды өзү билген адам болгон. Аны Акаев менен биригип, чет мамлекетке алтын ташыган деп да жүрүшөт. Камчыбек  Сурабалдиевич “Кумтөр Голд Компаниден” айына 200 миң доллардан алып Акаевдин үй-бүлөсүнө берип турган, бул тууралуу ушул компаниянын жетекчиси Хоменюк чындыкты айтып маалыматка кайрылган. Камчыбек  Сурабалдиевич катуу дартка чалдыгып 2004-жылы көз жумаар алдында “Кыргызалтын” компаниясынын жетекчиси катары “Кумтөрдөгү” элге тиешелүу миллиондогон долларды өзүнүн туугандарынын оффшордук зонадагы эсептерине которуп кеткен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости