www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сох районунун тургундары президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, Кыргызстан аркылуу коридор ачып, Чечме айылындагы булакты кайтарып алууну талап кылышты. Бул тууралуу видео социалдык тармактардын өзбек сегменттеринде тарады.

Сох районунун тургундары булак аларга тиешелүү экенин ишенимдүү белгилешип, “булагыбызды кайтарып бериңиз” деп сурашкан.

“Мындан сырткары, кыргыздарга саткан жерлерибизди кайтарып алуу керек. Бизге коридор ачып бергиле. Биз анклавдан чыгуу үчүн посттон акча төлөп өтүүгө мажбур болуп жатабыз”, - деп айтышкан алар.

Аны менен бирге тургундар Фергана облусунун жетекчиси Шухрат Ганиевди кызматтан кетирүү талабын коюшкан.

“Шухрат Ганиев бизди кете бергиле деди. Биз кимбиз? Биздин улутубуз тажик болгону үчүн ушундай мамиле болуп жатабы?”, - деп айтышкан алар.

Эске сала кетсек, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун жашоочуларынын ортосунда булак талаштан улам жаңжал келип чыккан. Жаңжалдын кесепетинен кыргыз тараптан 25 киши жаракат алса, өзбек тараптан 187 киши жаракат алганы айтылды.

Сох районунун тургундарынын басымдуу бөлүгүн тажик улутундагылар түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Чечме айылынын тургундары булак Кыргызстанга тиешелүү экенин тастыктаган документ бар болсо дагы бийлик алсыздык кылып жатканын айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости