www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги коронавируска каршы вакцина иштелип чыкканын, клиникалык текшерүүдөн өткөндөн кийин аны дүйнө элине жеткиликтүү болгудай кылып даярдоону пландап жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости аталган өлкөнүн илим жана техника министри Ван Чжигандын айтуусуна таянып жазып чыкты.

Учурда Кытай өлкөсүндө вакцинанын беш түрү иштелип чыккан, алардын айрымдары текшерүүдөн өтө баштады. Аны жасоодо басым коопсуздукка, натыйжалуулукка жана жеткиликтүү болууга багытталган.

"Эпидемияга бир гана вакцина иштеп чыгуу менен гана туруштук бере алабыз.  Аларды жасап чыгарууда жана андан кийинки кадамдарда дүйнөдөгү мамлекеттер кызматташтыкты күчөтүшү керек", — деген Чжиган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости