www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда айдоочу рулга ээ боло албай, кырсыкка кабылды. Анын кесепетинен 3 жаран жаракат алып, 2 аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 7-июнь күнү таңкы саат 04:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында (Көк-Мойнок-1 айылы) Хонда Степ унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 2 эркек киши (1986-жылы жана 2001-жылы туулган), ошондой эле 2002-жылы туулган кыз жаракат алган. Мындан тышкары 1972-жылы жана 1981-жылы туулган 2 аял каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости