www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гомосексуализмди айыктыргыз оору катары түшүнүп аларга сабырдуу мамиле кылууга мүмкүнбү? Эшикте жыйырма биринчи кылым, аалам тануу, көрбөгөндү көрүп, укпаганды угуп жатабыз. Өлкөбүзгө гомосексуализмда келип жеткенине он жылдан ашты.

Эми алар биздин арабызда, аларга кандай мамиле кылуу керек?

Албетте, бизге түшүнүү оор, эки кочкор короодо бири бирине секирип жатканын ким көрүптүр. Бирок биз түшүнбөгөн нерсени, дүйнөнүн көпчүлүгү татынакай кабыл алышууда. Биз дүйнөдөн изоляция боло албайбыз ошондой эле жиркеничтүү (ырахаттуу)* бир жыныстуу адамдык мамиледен да кутула албайбыз.

Айылдагы досторум, туугандарым нараазы. Эмки гейпарад качан өтөт экен деп сурап жатышат. Атчан келип катышабыз. Өлгөнчө сабаса да аздык болот дешүүдө. Кыргызда буга чейин кумса деген түшүнүк жок болгондуктан, албетте мыкачылык ойлор келет. Укпаган кишини таяк менен тарбиялаганга маш эмесписпи. Мен кумсаларга сабырдуу мамиле кылам, балдарым, жакындарым алардай болуп калбасын гана тилейм.

Бир аз тарых...

Салттык эмес сексуалдык ориентациясын жоготуп алган адамдар биздин з.ч. 2900–2500 жылдары пайда болгон деп айтылат. Чехия аймагындагы үңкүрдө кийинки таш дооруна тиешелүү эстеликтерди касуу учурунда, гомосексуал адамдын сөөгүн табышкан, анын жашы болжол менен 5000 жылга туура келет.

Көмүлгөн адамды кумса экенин кантип аныкташкан?

Ошол убакта адамдын сөөгүн жерге берүүдө салттуу жөрөлгөлөр болгон. Эркек адам өлсө анын көрүнө балта, кылыч, бычак ж.б.у.с. курал жарактарды коюшкан. Мындан тышкары көрдө бир аз тамак-аш жана суусундук да болгон. Эркектин сөөгүн жерге берүү ритуалында анын денесин оң капталына коюп, башын батышты көздөй каратышкан, ал эми аялдарды тескерисинче сол капталына жаткызып, башын чыгышты караткан. Көрүстөндө табылган эркектин сөөгү сол капталына жаткызылып, башы батышты көздөй каратылган. Жанында аялдарга тиешелүү күнүмдүк окаттар чыккан кумара, карапа сыяктуу.

Илгеркилер үчүн адамды тиги дүйнөгө узатуу аземи канчалык маанилүү болгонун билебиз. Бул сөөктүн өзгөчө коюлганы жөн гана жерден эмес деп археологтор айтышууда. Археологтордун оюу боюнча табылган сөөк гомосексуал же транссексуал адамга тиешелүү.

Мейли, кумсалар мындан беш миң жыл мурун пайда болуптур, бирок кыргыздардын арасында качан пайда болгон?

Кыргыздар кумсалардан кийин пайда болгону да күлкүмүштү, Кыргыздар б.з.ч. үчүнчү кылымда пайда болгонун билебиз. Кыргызстандын тарыхында Владимир Тюпин аттуу жаран сексуалдык орентациясы алмашып калганы тууралуу 1995-жылы ачык айтып чыккан. Ал кезде кумсалар мыйзам менен жазаланчы, ошого карабай "гей-пропагандасын" жүргүзүп келген. Андан көп өтпөй, 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашы үчүн жаза алынып салынган. Азыркы күндө расмий маалыматтар боюнча кумсалардын саны 25 миңге жеткен. Бейрасмий маалыматтар боюнча 60 миңден көбүрөөк деп айтылат.

Кыргызстандагы кумсалар коом тарабынан кодулоого дуушар болуп жатканын жашырышпайт. Интернетке чыккан видеолорду деле көрүп жүрөбүз. Көчмөн элдердин менталитетинде, каада-салтында, тарыхында болуп көрбөгөн нерсе, албетте кооптонуну, коркууну, жек көрүүнү жаратат. Кыргызстанда кумсалардын укугун коргогон уюмдар бар. Алардын натыйжалуу акциясы катары сегизинчи мартта өткөн тынчтык митинггин түшүнөбүз. Анын үстүндө Кыргызстандын 90 пайыз жараны мусулман болгондуктан көпчүлүк үчүн бул жат көрүнүш катары кабыл алынды.

Сексуалдык орентациясын жоготуп алган адамдын исламдагы ролу кандай?

2014-жылы Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы фатва чыгарган. Бул фатвада: "Кумсалар же окшош жыныстагылар өз ара сексуалдык мамилеге барса, андайлар жараткандын каарына калат. Лут алейсаламдын коому ушундай ыплас иштерге барганы үчүн Теңирдин наалатына калып, жексен болуп, алар жашаган жер өлүк деңизге айлантылган", - деп айтылат. Пайгамбар Мухаммед алейсаламдын хадисинен “Лут коому жасаган ишти көрсөңөр, бул ишти кылганды да, ага ушундай кылынганды да өлтүргүлө” деген сүйлөм мисалга тартылат. Соңунда жалпы мусулмандар мындай күнөөдөн алыс болуп, Алланын шариятына моюн сунуп жашоолору зарылдыгы эскертилет.

Бир сөз менен айтканда ислам гомосексуалдык жана бир жыныстуу никеге каршы. Көпчүлүк ислам өлкөлөрүндө сексуалдык орентациясын жоготуп алган адамдар өлүм жазасына кабылат. БУУнун маалыматында адамдар кумса болгону үчүн дүйнөнүн 74 өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Эркектер кантип кумса же хурамга* айланат?

Дүйнөдөгү изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү эркектин кумсага айланышынын себептерин тарбияда же эрте жыныстык катнашта эмес жана коомдун таасири менен пропогандадан келип чыкпайт деген ойдо. Гомосексуалдыктын эң негизки себептери катары генетикалык, гормоналдык жана бала эненин курсагында жаткан кездеги чөйрөнүн* өзгөчөлүгү таасир берип, жыныстык хромосомалардын өзгөрүүсүнөн келип чыгарын түшүндүрүшкөн.

Ал эми Өзбекстандык имам эркектердин кумса болушунун себептерин төмөндөгүчө түшүндүргөн: Аял жолдошу менен жыныстык катнаш учурунда башка эркекти элестетсе, алардан кумсалар төрөлөт. Өзбек аялдары түрк сериалдарындагы сулуу эркектерди жактырып, алар менен жакын мамилени элестетсе кумса бала төрөлөрүн ишенимдүү билдирген. Ошондой эле эркектер да башка сулуу аялдарды элестетип жүргөнү үчүн ориентациясы башка кыздар төрөлөрүн белгилейт. Гомосексуалдар сойкулар сыяктуу эле, өнөктөштөрүн тез-тез алмаштыргандыктан СПИД жана башка жыныстык ооруларга бат чалдыгышат.

Кумсаларды катуу куугунтуктап жаткан светтик өлкөлөргө Орусиянын Чеченстаны кирет. Өзбекстан кумсаларга жана алардын түрлөрүнө тыюу салат. Кумса экени билинип калса үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми Кыргызстан, Казакстан, Тажикстанда гомосексуализм легалдуу, тынч пропаганда кылууга уруксат берилген.

Чыгыш менен Батыштын таасири Кыргызстандыктарды жаңы жолго, жаңы ойго түртө алабы? Эркек деген эр жүрөк, намыска бекем жана бир гана аялын сүйгөн каарман эмеспи. Эмки замандын эркектеринин сапаты да кете баштады, «жаман эркек, кетем деп коркутат» болуп баратат. Эркек эркектей, жаз жаздай, кыз кыздай эле болсо деген заманды каалайсың. Бирок каалап коюш канчалык аздык кылат экенин барыбыз эле түшүнүп турсак керек. Замандашым заманыңды татыктуу көтөрсөң эле болду.

Улуттук руханий жана нравалык баалуулуктарды бекем сактап, социалдык-психологиялык жана маданий өзгөрүүлөргө даяр бололу!

*Кумса-гей, кызтеке, көгүш
*ырахаттуу-кээ бир адамдар үчүн)
*хурам-транссвистит
*чөйрөнүн-матканын размери

Маалымат интернеттен алынды https://www.facebook.com/elitakg/posts/402812236943037?__xts__%5B0%5D=68.ARC-tLTJYb7lAQxFLW6xDmSmLFXnqPZ4Cm6UaKjkCNhobDsu8QDLp15le99j8qBzHsZCCuYQN2dqM4xN_WAYERFA2HhQmucZwlJS0EyoKyxw9RlF8RrGD_le-dPHMJSPvpuMczHglLVEy07E0GFd4Wn5ksWTRlHVmmvXXHCSAFKolK4q_sFlOj7fDzwviw5UoBO3gDbuFe3thG8VmVZIcgeNsx8Id81TRc0dl1D0reR01qq-xRE8rH5o06kiqXFQYl6ddZBdEkVmOk5z1TmDRfvzuIYjkpf7bGkoFCWlIIW6LTLTqAVzvlLQwxRUbfk7ag1BYoIUvEnttJvfaBQSL8E&__tn__=K-R

Булак: NazarNews.kg

Последние новости