www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат  Махабат Мавлянова кызык өткөндө Кытайлыктарга виза берели деп чыкты. Эми болсо «Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык аймактар жөнүндө» мыйзам долбоорун көтөрүп чыкты.

Ал эми Улугбек Ормонов “эркин экономикалык аймактар турганда өзгөчө экономикалык аймактардын эмне кереги бар?” деген собол салды. Махабат Мавлянованын айтымында, сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору өзгөчө экономикалык аймактардын негизги түрлөрүн, түзүү, иштетүү жана жоюу жол-жоболорун, резиденттердин ишин башкаруу, резиденттердин статусун аныктоо маселелерин, мамлекеттик колдоо чараларын жана башкаларды аныктайт.

Депутат Чыныбай Турсунбеков өзгөчө экономикалык аймактарды түзүп, анан анда ишкана ачкан ишкерлерди салыктан бошотуп отурбай эле, жаӊы ишкана ачкан ишкерлерге баарын белгилүү бир мөөнөткө чейин салыктык жеӊилдик берип коюуну сунуштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости