www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салмандын карындашы Хасса бинт Салманды Париж соту сыртынан 10 ай шарттуу түрмө жазасына тартты жана 10 миң евро айып пул салды. Анын жан сакчысы Рани Саид да 8 ай абакка шарттуу түрдө кесилип, 5 миң евро айып пул төлөмөй болду.

Ханбийке Хасса “француз жаранына карата күч колдонууда жардамдашкан” деп айыпталып келген эле.

Бул тууралуу айтылган маалыматтарга таянсак, 2016-жылы ханбийке Франциянын белгилүү мейманканаларынын бирине токтогон. Ошол учурда суу түтүгүн караган адам ваннадан бир нече кадрды уюлдук телефонуна тартып алган. Бул Францияда катардагы эле көрүнүш. Бирок, белгилүү ханайым эч качан өзүнүн сүрөтүн прессалардан чыгышына уруксат бербегени белгилүү. Ошондуктан ал өзүн тартып алды деген ойдо, жансакчысына күнөөкөрдү тизелетүүнү буйруган жана бут кийимин өптүргөн.

Сантехниктин бети жана билектери көгөргөнүн экспертиза аныктап берген. Токмок жегенден кийин ал 5 күн ооруканада жатып чыккан.

Ал эми ханбийке ошол окуядан кийин эле Франциядан чыгып кеткен.

2018-жылдын март айында, француздардын адилеттүүлүк соту ханбийкени кармоо жана Сауд Аравия өлкөсүнөн сыртка чыгарбоо боюнча эл аралык ордер берген. Бирок, соттун өкүмү чыккандан кийин ханбийкенин франциялык жактоочусу жабырлануучу берген көрсөтмөнүн дээрлик баардыгы жасалма экенин айтып чыкты. Ошондой эле апелляциялык доо арыз менен сотко кайрыларын билдирген.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости