www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Тараз шаарында питбультерьер (питбуль) 54 жаштагы аялды талап, ал аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя күндүзү болгон. Аялдын кыйкырыгын уккан коңшулары чуркап келип, дубалдын ар жагында питбуль аялды тиштеп, жулуп жатканын көрүшкөн менен жардам бере алышкан эмес. Келген “Тез жардам” да жабырлануучуга жардам бере албай жарым саат күтүп турган. Полиция келип итти аткандан кийин гана аялды ооруканага алып кетишкен. 2 литрдей каны кеткен аялга операция да жардам бербей, каза болуп калган.
Каза болгон аял туугандарыныкына конокко келген экен. Үй ээсинин аялы итти ажыратууга аракет кылган менен, анын колунан келген эмес. Кошуналарынын айтымында, ит буга чейин деле бир нече жолу адамдарга кол салган экен.
Булак: "NazarNews.kg"