www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекетти кризис каптап турганда, какаганга муштаган болуп ишкерлер капиталын сыртка чыгарып кетип жатканы айкын болду. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев ички-тышкы инвесторлор капиталдарын сыртка чыгарып жатканын айтып коңгуроо какты.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, акчанын өлкөдөн сыртка агылган көлөмү бирин-чи жарым жылдыкта 247,6 миллион дол-ларга жетти. Бул көрсөткүч 2005-жылдан берки статистиканы алганда рекорддук болуп эсептелет.
Экономика министри Санжар Муканбетов болсо бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз деп үлдүрөдү. Иштеп жатканда эмне кылышат? Өлкөнүн келечегине ишеним азайып коррупция кокодон алып жатса, ишкерлерге кетпегиле деп тизелеп жалбарабы?
Булак: "Фабула-пресс"