www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары лидеринин туулган күнүнө карата митинг өткөрүүнү чечишти. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева социалдык баракчасына жазды.

Митинг 17-сентябрда борбор калаанын Горький атындагы эс алуу багында болот.

17-сентябрда Алмазбек Атамбаев 63 жашка толот.

Мындан мурун тарапташтары Атамбаевди КТРдин “Арноо концерти” программасы аркылуу куттукташмакчы болгонун, бирок КТРдин жетекчилиги уруксат бербей койгонун маалымдашкан эле.

Тагдырдын тамашасы деген ушул. Атамбаевдин азыр бийликке таасири болгондо,  КТР бир жумалык эфирин берип, балким, бийлик бул күндү улуттук майрам кылып жарыялап коет беле...

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости