www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Коюндан куюлса кончко”- дегендей Атамбаевдин митайымдык мыйзамдары колдонулбаса болду. Мугалимдердин айлыгы 2011-жылдан бери көтөрүлө элек эле. Отунбаева президент кезде эмгек акысы жакшы көтөрүлгөнү менен Атамбаев президент болор менен стажы, разряд, категория дегендерге төлөөнүчү акчаларды бүт кыскартып,  бийик тоолуу коэффициентти азайтып кайра эле мурунку алган акчага теңеп, ошол бойдон көтөрбөй койгон.

Президент Жээнбековдун президенттикке талапкер кезинде мугалимдердин айлыгын көтөрүп берем деген убадасы бар эле, ошол убадасына туруп мугалимдердин айлыгын 2019-жылдын 1-октябрынан 30 пайызга көтөрмөй болду. Арийне, Абылгазиев башкарган өкмөт култуңдап турат. Финансы министри Жээнбаева менен экономика министри Мукамбетов мугалимдердин айлыгын кантип өөнөп калуунун жолун издеп: айлык алынуучу киреше салыгын (подоходный)   жогорулатып, бир айлык ставка 16 саат болсо 20 саатка чейин көтөргөн турат, андан тышкары мамлекетте болуп жаткан инфляция буларга биригип Атамбаевдин заманындай “ардактуу мугалимдерди” кайра эле сызга отургуза тургандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости