www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ɵкмɵт башчысы ɵлкɵдɵгү резонанстуу иштин бирин, тагыраагы, «кɵңүлдɵшүн» Кытайда шапар тептирүүгɵ далалаттанган Чодуевдин кылыгын кɵз жаздымга калтырганга аракеттенүүдɵ. Министрге жана анын тапшырмасын аткарган кызматкерлерге эч кандай чара кɵргɵн жок. Бийликтин бетине кɵɵ жапкан ишти жең ичинен бүтүрүп, кызматтык иште жаралган «сүйүү» романын былк эттирбей басканга жандалбастоодо. Коомчулук буга тикесинен тик туруп, аягына чыгарганга мажбурлаш керек, анткени издешпей табышкандардын былыгы кокодон экен, бир чекеден сыйрылууда. 

Гезитибиз ɵткɵн чыгарылыштарында Чодуев министрликтин босогосун аттанганга чейин эле алдамчылык менен миллиондорду «сугунуп», тактап айтканда, Жалал-Абаддагы «Коттон Оушен» фирмасынын бир миллион долларын А.Салохуддинов менен биргелешип жеп кеткенин, ал окуя боюнча 2011-жылы 17-мартта Ош облусунун ИИМи тарабынан иш коголгонун далилдер менен жазганбыз. Ага кошумча, аталган «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясы Бакиевдин маалында «Ак жол» фракциясынан депутат болгон Жалолиддин Салохиддинов деген сепаратист негиздегенин, ал нойон 2010-жылдагы Оштогу июнь коогалаңында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов менен бирге ɵлкɵдɵн качып кеткенин, ал эми Чодуев «Лиматекс» фирмасын улутташтыруудан калкалап калганын да айткан элек.

Бул сапар Чодуевдин «эрке» талтаңы Анаркүл Беккулуеванын «былыктарын» тизмектегени турабыз. Кɵрсɵ, «бучукка маңка үйүр» дегендей, Чодуевдей болуп Беккулуеванын да арты капкара «кирге» толуп калыптыр. Тийиштүү органдар булардын баарынан кабардар болгону менен сыдыргыга салгандай кылып текшерип, такымына таш толгоп, тийиштүү жазасын бербегени бизди таң калтырууда. Же, мыйзам сакчылары да «жең ичиндеги» иштер менен алаканын «майлатып» алып башын кумга тыгып алганбы? Эгерде булар кылмыштуу иштерге ɵз учурунда укуктук баа бергенде, бүгүн очойгон бир министрликтин башына моралдык жана ыймандык жагынан бузулган адам келмек эмес. Үлүрɵйгɵн кɵзүн жалдыратып, түрмɵнүн тɵрүндɵ отурмак.  

Фактыга келсек, чодоңдогон Чодуевге таянган Анаркүл Беккулуева Ысык-Кɵл облусунун Ысык-Кɵл районунун Бактуу-Дɵлɵнтү айылындагы «Береке» кооперетивин жасалма мɵɵр менен бүкүлү бойдон тартып алып, бүгүнкү күнгɵ чейин ɵзүмбилемдик менен башкарып жатканы билинди. Жамаатынын бетине жаба түкүрүп, «заңыма куурай саялбайсыңар» деп тастаңдап турганы Кудайды тааныбай калгандыгы да. Жасалма мɵɵр боюнча кылмыш иши козголгон экен, бирок аны Чодуев аркылуу тизгиндетип, «пагончондордун» тилин буп койгону не деген шумпайлык? Бир нече жылдан бери кооперативдин ондогон ɵкүлдɵрү ар кайсы инстанцияга кайрылып, тили тешилиптир. Жетекчиси Сүйɵркул Усубалиев арыз жазбаган жери калбаптыр. Айрымдарына токтоло кетелик.

Бишкек ШИИБинин начальниги С.К.Рахмановго кайрылган Усубалиев: «2015-жылдын 27-майында «Береке» кооперативинин мүчɵлɵрүнүн жалпы чогулушунда Ысык-Кɵл районундагы Бактуу-Дɵлɵнтү айылында жайгашкан «Береке» кооперативинин тɵрагалыгына кɵпчүлүк добуш менен кайра шайлангам. Шайлоо мыйзамдын жана Уставдын талаптарын сактоо менен ɵткɵрүлгɵн. Бирок, менин инсульт болуп ооруп калганымдан пайдаланып, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кызматкери Беккулиева Анаркүл Токтобековна ɵзү мамлекеттик кызматта иштеп туруп, «Береке» кооперативинин мүчɵлɵрү катышпаган, ɵтпɵгɵн чогулуштун протоколун ɵзү жазып алып, ɵзүн ɵзү кооперативдин тɵрайымдык кызматына шайлап алган. Колунда кооперативдин алгачкы документтери (күбɵлүк, уставы) жок болсо да, 06.08.2014-жылы «Фирма райс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигинин ишеничине кирип, аларды алдоо жолу менен кооперативдин печатын жасатып алып, бүгүнкү күнгɵ чейин мен тɵрайыммын деп кооперативдин атынан ар кандай мыйзамсыз иштерди жасоодо» деп жазып, мыйзамга ылайык чара кɵрүүсүн суранган.

С.Усубалиев дагы бир арызды Айыл чарба министрлигиндеги уюштуруу бɵлүмүн жетектеген А.Карагуловго жазып, «А.Беккулуева ɵзүнүн үстүнɵн жазылган арызды билип турса дагы мыйзамсыз иштерин токтотпостон «Береке» кооперативинин мүчɵлɵрүн жалпы чогулушка чакырып, айыл чарба министрлигинин имаратынын биринчи кабатына жарыя илип койгон. А.Беккулуева мындай мыйзамсыз жана ɵзүмбилемдик иштери менен кооперативдин мүчɵлɵрүнүн жана айыл чарба министрлигинин ортосундагы мамилеге жарака кетирип, ызы-чуу чыгарганга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, урматтуу Арсен Дайырбекович, биздин арызды текшерүү иштери бүткɵнгɵ чейин Анаркүл Беккулуеванын демилгеси менен боло турган кооперативдин чогулушуна бɵгɵт коюңузду суранам» деп, мыйзамсыз иштердин алдын алганга аракеттенген. Бирок, чодоңдогон Чодуев бут тостурган эмес.

Быйылкы жылы Мамлекет башчысы С.Жээнбековго жеке ɵзүнɵ кайрылган катында С.Усубалиев бүт иштерди толугу менен тизмектеп: «А.Беккулуева жасаткан жасалма печать Биринчи май райондук РИИБнин тергɵɵчүсү Абдраев Мурат тарабынан изятие кылынып, 350 статья менен кылмыш иши козголгонуна 2 жылдан ашты. Бирок, жасалма печат боюнча козголгон кылмыш иш тергɵɵчүдɵ эки жылдан бери кармалып келет. Органдар тарабынан кɵзɵмɵлгɵ алынышын, мыйзам бузгандарга чара кɵрүлүшүн ɵтүнгɵн арыз менен кайрылып жатып тажадык. Азыркы кезге чейин алар жасалма печатын кагаздарга бастырып, ар кандай мекемелерге, жамаатарга жалаа жапкан арыз, кат жолдогонун токтотпой жатышат» деген «Береке» кооперативинин жетекчиси коррупцияга аралашкан арамза адамдардын жоопкерчилигин карап беришин Президенттен ɵтүнгɵн.

Бул кылмыш боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында иштеген бɵлүм башчы У.Султанов Бишкек шаарынын прокурору К.К.Бейшекеевге кайрылып: «…Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, ɵнɵр жай жана мелиорация министрлигинин кызматкери А.Беккулуева аталган министрликте мыйзамсыз иштеп жаткандыгы жана анын үстүнɵн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБи тарабынан козголгон 2-16-1023 сандуу кылмыш иши негизсиз чубалжып, бүгүнкү күнгɵ чейин эч кандай жыйынтык чыкпай жаткандыгы жɵнүндɵ арызы жиберилет» деп жазган да, бул ишти кылдаттык менен текшерип чыгып, тез арада чара кɵрүүнү ɵтүнгɵн. Бул маселе боюнча Президенттик аппараттагы бɵлүм башчысы У.Султанов Ысык-Кɵл облусунун прокурору М.Айдарбековго дагы кайрылган. Бирок, эч кандай кыймыл аракет билинген эмес.

Мындан сырткары, Чодуевдин эрке талтаңы А.Беккулуева Россиянын жараны экени тууралуу маалымат ачыкка чыгып, ал Акүй менен Кɵкүйдү бүт бойдон аралап чыккан. Бирок бир дагы тийиштүү орган чара кɵргɵн эмес. Айсак, Жогорку Кеңештин депутаты, бакыйган комитеттин жетекчиси Г.Скрипкина ошол кездеги Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жеке ɵзүнɵ кызматтык кат жолдоп, А.Беккулуева бɵлɵк ɵлкɵнүн жараны катары «Мамлекеттик кызмат жɵнүндɵгү» мыйзамдын 11 беренесинин 6 бɵлүгүн бузганын, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганын айтып, тез арада кылмыш ишин козгоону ɵтүнгɵн. Анткени, А.Беккулуева Россиянын Ростов облусунан энени камсыздоо капиталын алып келген. Мыйзам боюнча мындай жардам ɵз жарандарына гана берилет.

Тилекке каршы, Башпрокурор И.Жолдубаевадан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ал эми ИИМ кызматкерлери Беккулуева Россия Федерациясынан энени камсыздоо капиталын алганын да, орус ɵлкɵсүндɵгү жарандыгын да тактай албагандай түр кɵрсɵтүп, башын шылкыйткан. Ал ИИМдеги Кылмыш иликтɵɵ башкы башкармалыгындагы начальниги А.Ботобаевдин 2015-жылы 28-декабрдагы катында кашкайып турат. Анда расмий тилде минтип: «гражданкой Беккулиевой А.Т., на который был получен ответ о том, что информация о выплате средств материнского (семейного) капитала гражданке Беккулиевой А., является конфиденциальной, и в соответствии с Федеральным законом Российской Федерации от 27.07.2006 года, №152-Ф3 «О передаче персональных данных» разглашению не подлежит» деп жазган. 

Андан ары жарандыгы тууралуу: «Также был направлен запрос в УФМС (управление федеральной миграционной службы) Росии по Ростовской области за исх. №8/2778 от 30.0.2015 года, о наличии гражданства РФ гр. Беккулиевой А.Т. на который ответ не получен» деген. Бул жазылган фактылардан жаап-жашыруу, кɵз будамайлоо ачык кɵрүнүп турат. Органдарда жооп келбеди деген да шылтоо болобу? Милициянын мындай шалаакылыгы мыйзам бузууга жатпайбы? Энелик капитал боюнча маалымат алалбаган күндɵ дагы жарандыгы бар же жогун кантип тастыктаганга болбосун! Ички иштер министрлиги жарандыкты тактай албай, жооп келбеди деп алакан жайып отурганы акылга да, мыйзамга да сыйбайт. Россия Федерациясынан жооп келбегени түшкɵ да кирбейт. Бул жерде жемкорлук орун алган эмеспи? Чодуев бардыгынын кекиртегин майлап, кɵңүлдɵшүн куткарып калганы тастыкталабы?

Бул саам «ойноштордун» окуясын ушунчасы менен жыйынтыктай туралык, бизде дагы материалдар бар, аларды кийинки сандарда кеп кылабыз. Эгерде Чодуев күнɵɵсүн мойнуна алган таризде башын катып жата бербей эл алдында агынан жарылам десе микрофонубуз даяр. Бирок, анын мындай эрдикке эрки жетерине ишене албайбыз. Паам-парасаты киндиктен ɵйдɵ кɵтɵрүлɵ албаган адам эч качан ачык чыга албайт да. Ɵкүнгɵнүбүз, ушундай деңгээли тɵмɵн, акылы тайыз, ойноштон башканы ойлобогон пендени ɵкмɵт жетекчиси жалпы кыргызды шылдыңдагансып министр кылып койду. Бул элдин бетине түкүргɵн менен барабар да. Баса, Чодуев азыр Беккулуеванын тɵшɵгүн бɵлүп, Түркияга кеткен Мээрим деген «сулуусун» койнуна тартканы жатыптыр, ватсаптагы аудиосу бизге келди. Анысы элге тараса шерменде болот го. Кыскасы, мындай адам бир тармактын башында эмес, түрмɵнүн тɵрүндɵ отурушу керек, деп "Де - Факто" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости