www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Ага катышкан 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан медалдардын саны боюнча 5-орунду ээледи. Атап айтып кетсек, алдыңкы орундарга ири держава аталган өлкөлөр кирди, алар: Иран — 7 алтын, 3 күмүш, 3 коло, АКШ — 5 алтын, 5 күмүш, 5 коло, Япония — 5 алтын, 3 күмүш, 4 коло, Орусия — 4 алтын, 5 күмүш, 9 коло медаль утту.

Ал эми биздин кыргыз балбандары  — 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло медалга татыктуу болду. Кыргызстан намысын коргогон балбандар кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло медаль тагынышты. Булардын баары тең эркин күрөш ыкмасында күрөшкөндөр.

Ал эми грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга жетти. Биздин мамлекеттен алда канча чоң, спортчулары ошончо көп Казакстан бир күмүш, бир коло медалы менен 15-орунга илинди.

Албетте, мунун баары биз үчүн абдан чоң сыймык. Анткени кыргыз балбандары акыркы жылдары Кыргызстандын желегин дүйнөгө байма-бай желбиретип, таанытып жатат. Биз сыймыктанган балбандарыбыз кыргыз элине асмандан түшө калган жок. Балбандар тууралуу сөз кылганда биринчи кезекте алардын машыктыруучулары, устаттары, ушундай деңгээлге жеткирип күнү-түнү таптаган баардык адамдар тууралуу айтышыбыз керек.

Эске сала кетсек, 1990-жылдардан кийин, 2000-жылдары кыргыз күрөшү абдан оор акыбалда эле. Бул маселеде биринчи кезекте өлкөдөгү кыйынчылыкка кендирди кескен экономикага түздөн-түз байланыштуу болчу. Күрөшкө, айрыкча эркин күрөшкө, кыргыз жигиттерди кызыктыруу үчүн башка мамлекеттен легионерлерди алып келинген.

Ошол учурда эркин күрөштүн башында Мурат Саралинов, Мелис Турганбаев ж.б. турган. Бул адамдардын кыргыз күрөшүн көтөрүүгө болгон аракети акырындап, өз жемишин бере баштаган. Маселен, Надырбек уулу Улан балбан 2001-жылы жаштар арасында өткөрүлгөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, жаңы тарых жаралган. Андан бери 20 жылдан ашуун убакыт өттү. Бул мезгилде көптөгөн кыргыз балбандары өсүп чыкты.

Айрыкча акыркы 7-8 жылда кыргыз күрөшү, анын ичинде эркин күрөш дүркүрөп өстү. Ал эми эркин күрөштүн кыз-келиндер арасындагы жетишкендиктерине биз эле эмес, дүйнө эли суктанып турган чак. 12 жылдан бери кыргыз күрөшүнө Шаршенбек Абдыкеримов, Аскар Салымбеков, Мелис Турганбаев ж.б. меценаттык кылып жатканын эл жакшы билет. Биз билгенден, балбандарга меценаттар тарабынан 8 квартира жана ондон ашуун автоунаа белекке берилди.

23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында чемпион болуп, алтын медаль тагынып келген Улукбек Жолдошбековго Мелис Турганбевдер бир бөлмөлүү батир белек кылган. Эми Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш жана коло медаль алган Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмоновдорго да генерал Турганбаев баштаган адамдар өздөрүнүн кымбат баалуу белектерин даярдап, азырынча “сюрприз” кылып жатканын эшиттик.

Деги эле Мелис Турганбаевдин кыргыз спортуна, эркин күрөшкө кошуп жаткан салымы төө көтөргүс. Муну балбандарыбыз өздөрү да бир ооздон белгилеп айтып келет. Бул адам балбандарга устаттык кылып, моралдык жана материалдык жардам көрсөткөндөн тышкары өзү спортчу катары да ардагерлер арасында чемпион болуп, алтын жана коло медаль тагынган. Мунун өзү чоң эрдик, чоң тарых... 

Спорт дегенде ичкен ашын таштап, бар тапканын чачып турган адамдар жалпы коомчулукка үлгү, чоң спорттун дагы да өсүп-өнүгүшүнө чоң өбөлгө болуп кала бермекчи. Биз аларга ыраазычылык айтып, колдоп гана туруубуз керек. Бүгүн Жоломан Шаршенбеков баштаган кыргыз спортчулары Норвегиядан мекенибизге кайтып келет. Алар дагы да даңкталат. Ыраазычылык айтылат. Бирок балбандарды балбан кылып таптаган машыктыруучулар, меценаттар унутта калбай, кошо даңкталып, кошо айтылып турушу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости