www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Эл аралык валюта корунун (ЭВК) алдындагы карызы 12,6 млн долларга кыскарат. Бул тууралуу 12-октябрда Экономика жана каржы министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ЭВКнын аткаруучу кеңеши кирешеси аз 24 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да, оор кырдаалдын алдын алуу жана жеңилдетүү фонду боюнча карыздарды кечүү тууралуу чечимди жактырды.

«Карыздын кечилиши каржы ресурстарын бошотуп, COVID-19 пандемиясынын таасирин жумшартуу максатында саламаттык сактоо тармагына жана экономикалык колдоо көрсөтүүгө бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет», - деп билдирди министрлик.

Буга чейин Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы менен карызды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалымдалган. Эгер маселе чечилсе 51,1 млн долларды төлөө мөөнөтү узартылат. Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы быйыл жыл ортосунда 416 млрд сомдон (4 млрд 921 млн доллар) ашты, бул сумманын 85% - тышкы, 15% - ички карыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости