www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев: «Кышкысын электр энергиясына болгон тартыштык жаралбайт, авариялык учурлар катталбаса эле веердик өчүрүүлөр болбойт», - деп айткан. Министр болуп туруп калп айтканбы же чыныгы кырдаалды билген эмеспи?

-- Биринчиден, электр тармагындагы кризис Садыр Жапаров бийликке келгенде эле келип чыккан жок. Бул тармактагы маселелер акыркы 10 жыл ичинде байкалып келаткан, бирок, бийлик элдин маанайына карап аракет жасап келет жана көп нерсени жашырып коёт.

Албетте, министр Доскул Бекмурзаев саясый орунда болгону үчүн жогорку тарап менен биринчи эсептешет, абал начар экенин алдын ала билген менен, элди алаксытуу же саясый туруктуулукту сактоонун негизинде калп айткан. Себеби электр энергиясына болгон баа көтөрүлсө, эл нааразы болмок. Бирок чынында биздин электр энергия тармагыбыз өтө оор абалда. Анын себеби бир жагынан 135 млрд сом карызы бар, экинчи жагынан кургакчылыктын кесепетинен Токтогул сактагычына суунун аз келгени негизги себеп.

-- Ошол эле министр энергетика тармагындагы маселелерджи чечүүнү элге жүктөбөш керек дегени менен, веердик өчүрүүлөрдөн, тарифтин жогорулашынан элге кыйынчылык жаралат да?

-- Негизи, элди электр тармагында эмне маселелер бар экени кызыктырбайт. Эң негизгиси - свет, жарык жана жылуулук болсо болгону. Ошону менен катар светтин баасынын туруктуулугу маанилүү. Албетте, азыркы социалдык жана финансылык оор абалда, азык-түлүктүн баасынын кымбаттоосу менен катар электр энергиянын наркы дагы өссө, коомдук нааразычык жаралбай койбойт.

Бул көрүнүш саясый туруктуулукка жарака келтирет. Менимче, бийлик кеминде эки жыл аралыгында баа саясатын туруктуу кармап, электр энергияны өндүрүүнүн башка жолдорун издеши кажет. Кийинки жылы дагы учурдагыдай тартыштыкты болтурбоо үчүн маселени альтернативдүү жолдор менен чечүү маанилүү. Ошондой эле каатчылыктан чыгуунун бир жолу катары – тез арада Камбар-Ата ГЭСине инвестор тартуусу шарт.

-- «Мекенчил» партиясы шайлоо алдында «электр энергиясын арзандатабыз» деген лозунгдарды колдонгону белгилүү. Азыр ал партиядагылардын басымдуусу жогорку бийликте отурат, бирок кырдаал тетири жагына өнүгүүдө...

-- Мен жакында эле «Мекенчил» партиясынын лидеринин бири, ушул тапта Кыргызстандын АКШдагы ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Аманбаевдин былтыр октябрь айындагы агитация учурунда айткандарын карап чыктым. Анда Аманбаев электр энергияга болгон тарифтер боюнча айтканы бар экен. Аманбаев «2 сом 16 тыйындык кВт-саат үчүн бир жылда 100 млн. доллар уурдалат» деп белгилептир.

Сиз айткандай, «мекенчилдердин» көбү азыр бийликте отурат, бирок дагы деле былтыркы чектөөлөрдүн алынганын уккан да, көргөн да жокпуз. Ошондо Аманбаевдин логикасына таянсак, азыр деле 100 млн доллар уурдалып жаткан болобу? Албетте, мунун баары бийликке эптеп жетүүнүн жолун көздөп, популисттик аракеттерге барганынын далили. Реалдуу маселени өздөрү дагы билбей, элдин башын айландырган.

Мындай популисттик ураандар ар бир шайлоодо болуп келет, мүдөөсү аткарылган соң аларды бат эле унутушат. Бул үчүн эч ким жоопкерчилик тартпайт. Эл ар бир шайлоодон кийин жанагы «Алтын балыктагы» тешик тепшиси менен калган кемпир-чалга окшош абалда кала берет. Негизи, бул тармакты өнүктүрүүдө күчтүү менеджер керек. Менимче, андай кадр азыркы бийликтин курамында жок.

Булак: Азия News гезити

Последние новости