www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жарнама тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Депутат Евгения Строкова мыйзам долбоору балдардын туура тамактануу укугун жүзөгө ашырууга багытталганын белгилеп, туз жана май көп кошулган азыктардын маркетингине чектөө киргизүү керектигин айткан. Мыйзам долбоорунда Кыргызстан тузду көп колдонгон өлкөлөрдүн катарында экени айтылат. Тагыраагы, туз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган чектен 2,5 эсеге көп пайдаланылат. Андан тышкары, май камтылган тамак-аш да арбын.

"Ошондуктан тиешелүү мыйзам аркылуу саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарынын, спорттук залдардын жана башка курулмалардын, стадиондордун жана аларга жанаша жайгашкан жайлардын айланасындагы 100 метр аралыкта кант, туз жана май көп кошулган тамак-ашты жарнамалоого чектөө киргизүү демилгеленүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Евгения Строкова, Аалы Карашев, Аида Касымалиева, Бакыт Төрөбаев демилгелеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости