www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Эркингүл Иманкожоеваны кепке тартып, ички маселеси сыртка чыгып жаткан КСДП партиясы тууралуу ой бөлүштү.
-Эркингүл эже, КСДП ичиндеги маселе бышып жетилгенби же Атамбаев фракцияны да өз билгенимдей калчайм деп атканбы айтор, саясий кеңештин чечими менен Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен четтетүү аракетин баштаптыр. Саясий кеңештин чечимин фракция мүчөлөрү аткарыш керекпи же баш тартып койсо да болобу?
-Саясий кеңештин чечимин фракция мүчөлөрү аткарууга милдеттүү эмес. Анткени, Иса Өмүркуловду саясий кеңеш эмес. фракциянын мүчөлөрү шайлашкан. Анын фракция лидерлигинен четтетүү же четтетпөөнү да алар добуш беруу менен чечишет. Менимче депутаттар Иса Өмүркуловду фракциянын лидерлигинен алышпайт. Бирок, Атамбаев фракцияны колго алып, өзү билгендей калчоого аракет кылып жатат. КСДП ичиндеги маселенин баары ачыкка чыгып жатканын баары Атамбаев толугу менен фракция депутаттарын баштагыдай көзөмөлдөй албаганын далилдейт.
-Депутатар чындап эле КСДПнын саясий кеңешине баш ийбей, өз алдынча иш кыла турган болсо, кырдаал курчуп кетпейби?
-Атамбаев КСДП партиясындагы саясий кырдаал оорлоп баратканын түшүнүп турса деле тырмышып, партияны кармап калуу максатын көздөп жатат. Бирок андан майнап чыкпай калды. Себеби, партияда партия үчүн күйүп-бышкан аз эле мүчө калды. Анткени, накта партиянын идеясы үчүн жүргөн патриот мүчөлөрдүн көпчүлүгүн Атамбаев убагында түртүп салып, тегерегине коррупциянерлерди, эки жүздүүлөрдү, олигархдарды топтоп алган. Эми эски партия мүчөлөрү биригип КСДПны тазалоо максатын коюп жатышат. Тазалануучулардын ичинде Алмазбек Атамбаев да бар. Эски партия мүчөлөрү таза жана патриот жарандар болгондуктан, аз калган КСДПчылардын аларга каршы күрөшүүгө духу жетпей жатат.Анткени, алар чыныгы революционерлер.
Булак: NazarNews.kg