www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров алтын медалга ээ болду. 

1-орун жана алтын медаль үчүн Шеров мамлекеттен 1 миллион 250 миң сом өлчөмүндө сыйлык алат.

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов 500 миң сом, команданын улук машыктыруучусу Сергей Кладнов 375 миң сом алат.

Роман Кузьмин жеке машыктыруучу катары 250 миң сом, биринчи машыктыруучу катары 125 миң сом алат.

Спортчулардын ийгиликтери үчүн медицина кызматкерлери да сыйлыктарга ээ болушат.

Эске салсак, спортчу 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, Азия оюндарынын тарыхта биринчи ирет алтын алды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости