www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Академик Сыртбай Мусаев: Мындан отуз жыл мурда түрк тилдерин унификациялоо чечими кабыл алынган, бирок ал эмгиче ишке аша элек. Азербайжан, Түркмөнстан менен Өзбекстан латин арибине өттү, Казакстан азыр өтүп жатат, бирок андан көптөгөн жаңы маселелер чыгууда. Бирдиктүү деп 34 тамга таанылса, азербайжандар менен өзбектер, мисалга, өз алфавиттерин түзгөндө, ал арибдерге ар бири ар башка жаңы тамга кошуп алгандыктан, баарыбыз мурда кириллицаны колдонуп жүргөндөн дагы татаал абал түзүлүүдө.

Аны менен катар, тарыхтагы айрым көрүнүштөр сыяктуу эле, тилде дагы ошондой терс жагдайлар бар. Мисалга, Сергей Малов 1940-жылдарда байыркы кыргыз жазуулары тууралуу эмгек жазганда, биздин эле профессорлор Константин Юдахин менен Игорь Батманов ага каршы чыгып, кийин Маловдун ал эмгеги жарык көргөндө, «кыргыз жазмалары» дегендин ордуна «енисей жазмалары» деп чыгып, илимий коомчулукка кеңири тарап кеткен...

Последние новости