www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттигине Айбек Теңизбаев “президентти айланчыктап жүргөн колу таза эмес адамдардын бир эле максаты бар. Алар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, байып алууну көздөшөт”, -деди.

-Кыргызстанга инвесторлорду тартып келет деген Төлөнбай Нурбаевге инвесторлордон 200 миң доллар өндүрүү үчүн коркутууларды уюштурган деген доомат коюлуп, кечээ камакка алынды. Бул окуя аферисттердин анык жүзү ачыла баштаганын айгинелейби?

-Президенттин атын колдонуп, ар түрдүү афералык иштерге барган адамга карата биринчи жолу эле доомат коюлган жок. Буга чейин анын жанында жүргөн азаматтар дагы камалып, соттолуп, жоопко тартуу аракеттери байкалган. Мен бул адамды жеке тааныбаймын, бирок коомчулукта аты аталып жүрөт. Жалпы жонунан айта турган болсом, эгерде президент айланасындагы аферисттерден тазаланбаса мамлекет толугу менен сазга батат. Азыр бизде система иштебейт, баары президентке байланган, айланасындагы аферисттерди дагы өзү жаратат жана бир гана өзү тазалай алат. Президентти айланчыктап жүргөн колу таза эмес адамдардын бир эле максаты бар, алар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып байып алууну көздөшөт. Ошол себептен улам инвесторлорду тартып келүүчү адам катары аталат, бирок анын артындагы иштерди өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонот. Президенттин атынан мамлекетке инвесторлорду атайын түзүлгөн мекемелер тартып келиши керек, ар кайсы адамдарга бей расмий статус берүү баш аламандыкка алып келет деген ойдомун. Азыр биз так ошол нерсени байкап жатабыз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости