www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы сүйлөшүлүп, өзгөчө президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын ьөрагасы Си Цзиньпиндин жолугушууларынын жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарлардын натыйжасында жетишилген макулдашуулардын терең маанилүүлүгү белгиленди. 

Анда, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамлекеттик чек араларында жайгашкан “Торугарт”, “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү бекеттери аркылуу соода сатык жогорку деңгээлде болгону белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, айыл чарба тармагындагы Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын өкмөтү ортосунда, ошондой эле эки тараптын компаниялары ортосунда буга чейин кол коюлуп жетишилген бир катар инвестициялык длобоорлорду ишке ашыруу маселелери сүйлөшүлдү. 

МинКаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, өзгөчө коңшу жашаган эки элдин кызматташтыгын өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, ошол себептүү акыркы жылдары кыргыз-кытай байланышы жигердүү өнүгүп жатканын, мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк дагы өнүгөөрүнө ишенимин билдирди.

Последние новости