www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кечээ, 9-марттагы жыйында «2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу)» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда колдоду.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков белгилегендей, долбоор жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорттук кыймылды жакшыртууга жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Анын алкагында эки эстакадалык көпүрө, А.Масалиев жана В.Ленин көчөлөрүнүн үстүнөн өтүүчү жол өткөөлүн, Ак-Буура дарыясы аркылуу көпүрөнү куруу, ошондой эле көчөлөрдү бөлүүчү тилке менен 4-6 тилкеге чейин кеңейтүү каралган.

Талкуу маалында депутат Улан Бакасов Нарын облусундагы Лахол көпүрөсүнүн курулушун тездетүүгө чакырды. Депутат Гуля Кожокулова Талас облусундагы жол инфраструктурасын жаңылоо керектигин билдирди. Депутат Ырысбек Атажанов Баткен облусундагы Кадамжай жана Баткен райондоруна караштуу Ак-Турпак жана Суу-Башы айыл аймактарын байланыштырган көпүрөнүн курулушуна көңүл бурду.

Депутат Жылдыз Садырбаева жолдордун курулушунун сапатына көзөмөлдү күчөтүү жана подрядчы уюмдар тарабынан кепилденген тейлөөнү камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Депутат Жаныбек Аматов тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кулатов айыл өкмөтүндөгү тротуарларды жакшыртуу зарылдыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Медина Кайрылбекова Талас облусундагы ирригациялык каналдардын абалы, Айтматов айыл өкмөтүндөгү мал базарына алып баруучу жолду оңдоо маселелерин көтөрүп, оор жүк ташуучу унаалардын огуна бөлүштүрүлгөн жүктүн салмагы боюнча Талас облусундагы айдоочулардын кайрылуусун айтып өттү. 

Последние новости