www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан «Тойгонбай Ата» асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Аталган чарбанын жетекчиси Тойгонбаев Салаваттын айтымында, фермер 2023-жылы сүт багытындагы голштин породасындагы 22 баш уй алып келип, учурда алардын саны 45 башка жеткен. Чарбадан алынган сүттүн көлөмү күнүнө орточо 850–900 литрди түзөт. Ар бир уй күнүнө орточо 28–30 литр сүт берет. Учурда сүттүн 1 литри 40 сомдон сатылууда.

2025-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин №05/2-17/109 буйругунун негизинде №50 күбөлүк менен «Тойгонбай Ата» дыйкан чарбасына ири мүйүздүү малдын голштино-фриз породасы боюнча «Фермердик асыл тукум ферма» статусу ыйгарылган.

Чарба Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Булак участкасында жайгашкан. Учурда чарбада 4 адам туруктуу жумуш орду менен камсыздалган. Мындан тышкары, Сузак районунун айыл чарба департаменти тарабынан быйыл чарбага 13 гектар сугат жер жана 9 гектар кайракы жер бөлүнүп берилген.

Жолугушуунун жүрүшүндө фермер суу маселелерине байланышкан көйгөйлөр бар экенин билдирди. Өз кезегинде министр Эрлист Акунбеков бул маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө протоколдук тапшырма берип, фермердик чарбаны өнүктүрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

 

Последние новости