www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Аймактарда, жаңы конуштарда свет өчө баштады. Күркүрөгөн күздө өчкөн свет кышында эмне болот?
— Электроэнергияны күн сайын кезек менен республиканын ар кайсы жеринде өчүрүп жатышат. Жүктөө өсүп кетти, анткени мурун "час пикте" кечки саат19дан 22ге чейин өчүрчү эмес. Азыр өчүрүп жатышат. Себеби, Кыргызстандын кубаттуулугу жетпей жатат. Анткени, импорт толук кандуу келе элек, Бишкек ЖЭБ төмөнкү режимде иштеп жатат. Макул, кышында максималдуу импорт болсун, Бишкек ЖЭБ менен Токтогул ГЭС каскады максималдуу түрдө кубаттуулугун көтөрсө, свет өчөт. Бул жөнөкөй арифметика. Өкмөт мактанган “жашыл энергетикасы” жардам берген жок, бербейт дагы. Кышында кыйын эле болот. Чоң авария болбосун дейли.
— Тарифти кымбаттатканда дайыма энергетика тармагындагы тетиктер эскилиги жеткенин, тарифти кымбаттатпаса абалдан чыгуу мүмкүн эмес экенин айтышат. Бирок тарифтер кымбаттаганы менен эмнеге энергетиканын абалы жакшырып кеткен жок?
— Энергетика системасы – бул эң маанилүү базалык инфраструктура. Тикелей өлкөнүн, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу тармагы. Мына ушул тармакты жакшылап оңдоп жолго салалбай жатышат. Баягы эле мамлекеттүүлүктү талкалаган саясат уланууда. 33 жылдын ичинде завод-фабрикаларды талкалаган саясат кийин энергетикага киришти. Приватташтыруу, жеке менчик колго алуу деп энергетиканы чачып сатабыз дешти. Эмгиче “акционердик коом” деп жеке ишкана бойдон турат. Система бириккен жок. 12 ортомчу бар. 2 миллиарддан ашык кредит алышып, натыйжада "нөл" эмес, "минус". Эмне деген долбоорлорго кредит алынганы белгисиз. Система оңолбой эле, тескерисинче, чатак абалга келди. “Инвестиция” деп коюшат, анысы кредит, карыз эле деп ойлойм. Кейигеним, кредиттер ойлонбой алынууда. Жакында 50 млн. доллар жаратылыш министирлиги карыз алды. Парламент колдоп берди. Кредит берип аткандардын шартында жылуулук насос коюш керек экен, түтүндөн арылыш үчүн. Насос суу жана электр энергиясы менен иштейт. Коомдук талкууда вицемэрден “бизде суу, свет жетишсиз. Жылуулук насос токтойбу?” десем, “ токтойт, эл кайра эле көмүргө өтөт” деп жооп берди. Ушинтип 30 жылдан ашык эл аралык каржы уюмдары өздөрүнүн фонддору аркылуу өлкөгө зыяндуу кредиттерди тартышып, мамлекеттин коопсуздугун төмөндөтүп, чоң зыян алып келишти. Ушундай иш менен алек болгондор өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн долбоордун 10 пайыз каражатын ошол консультацияга кетиришет. Өкмөттүн чечимдердин, Кыргызстандын мыйзамдарын өлкөнүн конструкциясын сындыруу үчүн өзгөртүшөт. Бул факт. “2 миллиард кредит сарптап, система оңолду” деп айталбайм. Кана натыйжа? Албетте, булар бир эле жолду билишет: “тарифти көтөрүп, элдин эсебинен, жалпы экономиканын эсебинен жомок айтып, талкалоочу саясатты уланта беребиз” деп жатышат. Энергетика туура жолго, туура саясатка барбаса, экономика өспөйт. Элдин жашоосун оңдой албайбыз, кризис күчөп, нааразычылык көбөйөт. Тез арада системаны оң жолго салыш керек. Энергетикада "базар" деген сөздү унутуш керек. Болду. Чекит коюш керек!
— Кышында эл свет жок кыйналбайбы? Бул үчүн энергетика министрлиги кандай аракеттерди көрүшү керек?
— Эл албетте, кыйналат, тоңот. Шаарда бүт свет менен иштейт. Лифт, тамак-аш, жылуулук, насос, ж.б. Мага окшогон айылдыктар көмүр менен чыгып кетебиз. Ошон үчүн базалык Кара-Кече ТЭС куруш керек. Бат эле курулат, 3-4 жылда. Нарк баасы 1 сом ("жашылдыкындай" 4 сом 42 тыйын эмес). Бишкек ЖЭБди тезирээк жогорку кубаттуулукка жеткириш керек. Импорт, майнинг фемаларды өчүрүш керек. Андан тышкары, өчүрүүлөр болот. Тилекке каршы, “бардыгы жакшы” деп жомок айтып келгендер ушинтип жалпы элге зыян алып келе беришет. Кудай сактасын, чоң авария болбосун.
Булак: "Азия Ньюс" гезити