www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрнис Кыязовдун таңкы таза ойлору

 

...Байкасам, баардык эле эл өзүн “улуу элбиз”, “бийик элбиз”, “өзгөчө элбиз”, “нурлуу элбиз”, “таза рассадагы калкпыз”, “аристократтардын тукумубуз”, “баланча баатырдын, түкүнчө хандын, манаптын, бектин, болуштун, фараондун, императордун.. урпактарыбыз” деген оору менен ара-чолодо оорушат экен.

Өз өлкөсүнүн, өз улутунун патриоту болуу сыймыгы бардык элдерде кездешет. Бирок жер жүзүндөгү адамдар АДАМ АТАдан жаралганын ойлогондо, дүйнөдөгү бардык адамдарды динине, түсүнө, табитине, салтына, кылык-жоругуна, кемчилигине карабай Адам атадан тараган тамырлаш бир тууганыңдай сүйүү, урматтоо кандай бир зор айкөлдүктү, чалкыган кенендикти талап кылаарын сезесиң.

Баарын жакшы көрүү, баарын сүйүү, баарын урматтоо албетте дурустап аракет кылса пенденин колунан келчү жумуштур, бирок мындай чоң жоопкерчиликти бир Жараткан гана майын чыгара аткара алаарын аргасыз моюнга моюнга аласың...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости