www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Жээнбековдун тушунда, экске жакын санаалашынан сурадым эле. Райымбек Матраимов ызы-чууга айланып күчөп кетти, эмнеге камабай жатасыңар, борбор жак болбой калды кыжыры кайнап десем, "Райымбек камалды дегиче Кытай менен болгон соода-сатык солгундап, өлкөнүн базараларында проблема башталып, өлкөнү кадимкидей каатчылык каптайт. Бул тууралуу пикирин Ернис Нурдин жазып чыкты.

--Кыргыз-Кытай ортосундагы соода маселеси, Атамбаев учурунда Райымбек байланып калыптыр иним. Президент Жээнбеков да ушул нерсенин үстүндө баш катырып жатат, сразу кыйын экен" деген эле. Дегени чын чыкты. Райымбек Матраимов камалды, Кытайдан келген товарлар Казакстан аркылуу кетти. Биздин ишкерлерде, базарларда чоң көйгөй жаралды. Көйгөйдү пандемияга шылтоолоп, жүк өткөрүү посттордун жабылышына шылтадык. Шылтообуз шоона эшпей, Кытай товары Казактарга келип түшүп жатат. Прямой келген товар эки эсе кыматтап, через казактар аркылуу алып баштадык. Кептин кыскасы колдогу нанды кошуналар тартып кетти»,- деди Ернис Нурдин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости