www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер биз бүгүн Раимбекти камасак, эртең элге жардамы тие турган азаматтар арабыздан чыкпай калат. Мындай пикирин бүгүн, 19-февралда жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Райымбек Матраимов камалсын дегендер, алар Атамбаевдин жугундукорлору, батыштын күчүктөрү, трайбалист эл бузарлар жаңы бийликти көрө албай кылдан кыйкым издегендер. Раимбектин карапайым элге кылган жакшылык иштерин көрүп, билип туруп аны камагандары адамгерчиликтен эмес. Эгер биз бүгүн Раимбекти камасак, эртең элге жардамы тие турган азаматтар арабыздан чыкпай калат. Эмне, көзүңөргө Матраимовдон башкалар көрүнбөй жатабы? "Раим" деген ырыңарды качан токтотосуңар? Али Токтакунов окшогон акмактар "Раим камалсын" десе эле камай бересиңерби? Анда эмне үчүн биздин: Отунбаеванын макамы алынсын, түштүк коогалаңы текшерилсин, УӨттүн мүчөлөрү жоопко тартылсын, Бабановдун былыктары иликтенсин, Атамбаевчилер Кытайдан болгон карызды төлөсүн, Кой Ташта Атамбаевди колдогондордун баары жазага тартылсын, 5-октябрда Атамбаевдин катарына кошулгандарга: Момбеков, Бабанов, Сурабалдиева, Казакпаев, Али Токтакунов, Молдакматов окшогондордун иш аракеттерине саясий баа берилсин деген, көптөн бери айтып келе жаткан талаптарыбызды эч ким укпайт? Ошол талаптарга "Раимбектен колуңарды тарткыла" деген жаңы талап кошулду. Эгер Раимбек болбогондо, коронавирус балакети боюнча дүйнө жүзүнө шерменде болот элек, себеби Абылгазиев деген шал өкмөт келген акчаларды эмне кылганы белгисиз, эч кандай жумуш кылбай тылтыйып олтуруп алган болчу. Керек болсо, Раимбек Матраимовду кызматка коюш керек. Ал "любой" кызматты алып кетет", - деп билдирген ал.

Адам болуп, адал жаша балам деп,

Ата сага аппак нанын жегизет.

Атасынын ак батасын булгаган,

Арам тамак ашаткылар көп жүрөт.

Эл сыйлаган элдин уулу болгун деп,

Эне сенин бешигиңди тербетет.

Энесинин ак тилегин тепсеген,

Эл тоногон ээн баштар көп жүрөт.

Ата сөзү эч бир жерде жатпаган,

Бар тапканын өз элинен катпаган.

Ата уулу - Раимдей жигиттин,

Айып болот мактап атын айтпасам.

Эне сөзүн тумар кылып сактаган,

Бар тапканын калкы үчүн сарптаган.

Раимдей азамат бар кыргызда,

Эне сүтүн эмгек менен актаган.

Байлар жүрөт арабызда чириген,

Сараңдыгы бири өтөт биринен.

Раимдин жолун жолдоп эч бири,

Элди ойлоп чыга албады үйүнөн.

Чыга албады, чирип бүткөн байларың

Аялынын көйнөгүнүн түбүнөн

Элди тоноп топтогондор байлыгын,

Элиме деп чыгарбады бир тыйын.

Эч нерсесин аябады жашырып

Баалаш керек Раимдин марттыгын.

Оор убакта тоого айланды таянар,

Билгендерге баатырлыкка барабар.

Тилек кылам, ар бир үйдө чоңойсун,

Раимдей АДАМ болуп балаңар.

Кыйын кезде бута болду сүйөнөр,

Буттан чалды кара ниет немелер.

Жакшылыкты көрө албаган байкушка

Жараткандан жакшы ниет бере көр

Өз элинин жүгүн алып жердеги,

Журту баалап көкөлөсүн эмгеги.

Раимдей азаматка кааларым,

Өргө жылсын жүрүп турган кербени.

Бийик болсун урмат-сыйы элдеги,

Токтобосун, тоону ашсын кербени.

Тапкандары жакшылыкка буюрсун,

Бул да болсо кудайымдын бергени.

Источник: NazarNews.kg

 

Последние новости