www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында изделип жаткан Эркайым Шадыеванын жансыз денеси Ош—Араван каналынан табылды. Бул тууралуу NazarNewsка милициядан билдиришти.

Э.Шадыеванын кесиптештеринин айтымында, маркум 2019-жылдын декабрь айынан бери башы ооруп, жумушка көп келбей, жакшы да баса албай жүргөн.

Ал эми Ош ШИИБдин маалыматына караганда, Э.Шадыеванын туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты. Маркумдун сөөгү түшкү саат 12:30 чамасында табылган. Учурда туугандары суралып жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Э.Шадыеванын сөөгүн Туран кичи районундагы Ош—Араван каналынан издөө үчүн Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Буга чейин маркумдун жолдошу жубайы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, жубайы кечээ, 3-июнь күнү болжол менен таңкы саат 8:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен.

«Жубайым экөөбүз 23 жыл чогуу жашадык. Ортобузда 2 уул, 1 кызыбыз бар. Кичүү балам 6 жашта. Ошол түнү доктурга барып, анализ тапшырабыз деп кеңешип алып уктаганбыз. Себеби жубайым уйкусуздук менен жабыркап жүргөн. Эч кандай уруш-талаш болгон эмес. Балам түнкү саат үчтөрдө ордунда жатканын көргөн экен. Эртең менен турсак эле жок. Телефонун да таштап, үйдөгү кийими менен эле чыгып кетиптир.

Өзү 2016-жылы Ош шаарында өткөн "Жыл мугалими" сынагын жеңген. 2019-жылдан бери университеттин тарых факультетинде сабак өтүп жүргөн», - деп айткан маркумдун жолдошу. Маркумдун артында жолдошу жана 3 баласы калды.

Эркайым Шадыева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости