www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айылдагы аксакалдар бир дөбөгө чогулуп алышып, Эсенбайдын айткан санжыраларга кулак төшөп укчу экен. Ушундай  жыйындардын биринде Эсенбайдын курдашы Кызалак мындай суроолорду берип калат: «Эсеке, бийлик деген эмне?». «Бийлик бул күйүп турган шам. Бир учурда күйөт учуру келгенде өчөт. Бийлик колдо турганда тууганың да, душманың да айланаңа топтолот, бийлик колдон кеткенде, алардын бирин көрүүгө зар болосуң, Бийликтеги адам түбөлүктүүлүгүн ойлосо, кол алдындагылардын шагын сындырбай, боюна тартып жүрүшү жакшы». –деп жооп бериптир.

 Атасы да Кудаяр, чоң атасы Качыбек өз заманынын диний агартуучулары болгондуктан ислам дининин эрежелерин бекем сактаган Эсенбайга «Бейиш эмне, тозок эмне?» -деген суроону беришет. «Шарыят жолу менен жүрсөң, таман акы, маңдай териң менен, өз эмгегиң менен адам катары жашасаң бул бейиш. Шарыят жолунан адашсаң, адамча жашай албасаң бул тозок» -деген экен. Демек элдин эмгегинен жашаган көпчүлүк көпөстөр тозокто жашап жаткан тура деген ой келет. Эсенбайдан «Күнөө жөнүндө уккубуз келет. Адам кандайча күнөөгө батат?» -дешип сурашат. Эсенбай: «Күнөөгө батуунун жолу көп. Кудайдын эркинен чыгуу, ыйык курандын жолунан таюу, жашоо эрежелерин бузуу –күнөөлүү болуу деген сөз. Ошондо да күнөөнүн күнөөсү бар. Эң оор күнөө – адам өз өмүрүн өзү кыйуу. Бул күнөөлөр кечирилбей турган күнөөлөр. Ал эми бирөөнүн ак эмгегине карасанатайлык кылуу, уурулук, эл арасын бузуу, үй-бүлөнүн ынтымагын бузуу, адам убалына калуу, жөнсүз чыр-чатак чыгаруу, ичи тардыктан каргыш айтуу, кек сактап жиктешүү да –оор күнөө. Бирок мындай күнөөлөрдүн кайталанбашына убада берилсе, кечирим берилиши мүмкүн. Адамга жол берилбей турган күнөөлөр көп, аларды билип жүрүү керек» -дептир. Илгери ар бир айылда мечит жок. Кыргыздар айт намаздарда эң таза дөбөгө чогулушуп куран окушкан. Ошондой учурда Эсенбайга «Таза жүрүү керек дегенди кандай түшүнсө болот?» -деген суроо берип калышат. Эсенбай: «Тула бойду, жүздү кирдетпей, жууп-тазалап жүрүү - бул тазалык. Канды, жүрөктү, рухту, дилди таза алып жүрүү-чыныгы тазалык. Канды, жүрөктү, рухту, дилди таза алып жүрүү деген кудайдын жолун тутуу деген. Бул жол ыйык жол-ыйык тазалык Бул жолдун жүзүнө көлөкө түшүрбөй бардык ыпластылууктардан алыс болуу керек. Кудай адам баласын таза болуусун көздөгөн, бирок адамзат ыпластылуукту өзү тапкан» - деген.

 

Эсенбайдын айтып кеткендерине караганда жек көрүү-душмандык. Адамды жек көрүү эч качан жакшылыкка алып барбайт. Жек көрүүнүн акыры касташууга, душмандыкка жеткирет. Адам өзүнө душман издебесе кекчил болбосун, кечиримдүү болсун. Элдеги «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» -деген макалдын өзөгү ушунда. Чакан-чамалуу кекээрдин түбү –чоң бүлгүн. Акыры жектөөдөн, кек тутуудан, мүшкүлдөн башка пайда жок. Кыргызстанда ар кимге барып сүйкөнүп тийишкен президент болгон. Ошонун айынан Орусия менен, Белорус менен, Түркия, Казакстан менен жакшы мамилелер сууп бараткан. Алардын мамлекет башчылары теңелишкен жок. Болбосо кыргыз элинин башына мүшкүл иш түшүп калмак.  Эсенбайдан «Кубаныч эмне, кайгы эмне?» -деген сөзгө жооп издейт. «Кубанычтын да, кайгынын да булагы көп. Чоң кубаныч – балалуу болуу. Чоң кайгы –баласынан айрылуу» -деп жооп бериптир. Эсенбай жыйырма балалуу болуп чоң кубанычты да таткан. Өзү кылым жашап, көп баласынан айрылып кайгыны да тарткан. Эсенбайдан: «Жаштык менен карылыктын айырмасын чечмелеп бериңизчи?» -деп сурашканда мындай дептир: «Жаштык менен карылык бир эле адам өмүрүнүн эки доору. Жаштык –жалындап турган курак. Көп нерсени аңдабай, жаштык кезде көп жаңылыштыктар кетирилиши мүмкүн. Жаш кезде кетирилген каталарды эл кечирет. Ал эми карылык болсо, жыбырап агып жаткан булактын тынып бараткан убагы. Дымып бараткан булактын суусу тунук болот. Карылык да нускалуу болуп, элге акыл парасаты тийип турганы оң. Кары кишинин жакшы карыганы дөөлөт. Кудай ушул дөөлөттөн айырбасын, кары адамды акылынан, нускалуу сөзүнөн мүдүрүлтпөсүн. Кары сөзүнөн жаңылса эч ким кечирбейт. Жаштык менен карылыктын айырмасы мына ушунда», -деген экен оор үшкүрүнүп Эсенбай. Биздин заманда «чиништерди» көргөндө жата калышкан «дүжүр чалдар» көбөйүп баратат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости