www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-сентябрда Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова өлкөгө кайтып келди. Балбан кыз NazarNews маалыматтык агенттигине берген маегинде ар бир беттеш оор болгонун айтты.

"Финалдык беттеште жапон спортчусуна такыр мүмкүнчүлүк бербей, бат эле утуп койдуң" деп айтышты. Экрандын ар жагындагы колдоочуларга гана ошондой сезилет. Себеби мен үчүн ар бир беттеш оор болду. 

Дүйнө чемпиондугуна спорчулардын баары жеңейин деп барат. Мен дагы ошол максат менен баргам. 

Бүгүнкү күндө аталган чемпионатка карата койгон максаттар ишке ашты десем болот. Быйыл дагы Дүйнө чемпиондугунда Олимпиадага жолдомо алып, дагы бир ирет тарых жараттык десем болот", - дейт кыргыз элинин сыймыгы.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан. Муну менен балбан кыз карьерасында үчүнчү ирет Дүйнө чемпиондугунда алтын байгенин ээси болду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости