www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эшек бизнестин артында ким турат?

Эки-үч жылдан бери эшек бизнеси өркүндөдү. «Эшектин эти арам, күчү адал» дешет. Бирок айрым акмактар ошол арам деген эшек этин тамак-ашка да колдонуп, бир топ ызы-чуу болдук. Мына кечээ жакында Ош облусунун Шарк айылдык округуна жакын Фуркат базарынын жанынан үч жүк ташуучу унаада 200гө жакын тирүү, 15-20 өлгөн эшек тууралуу жергиликтүү тургундар милицияга кайрылшкан.

Укук коргоо органдары келип бул эшектер кимге таандык экенин аныкташканда, Калматов Урайим Абдакимович аттуу жаран жетекчилик кылган «Элком групп и КО» аттуу ЖЧКга таандык болуп чыгат. Бул компания Кытай тарапка 2000 эшек чыгарганга уруксат кагазы бар экендигин, 15-апрелде эле чыгармак болгондугу бирок Кытай тарап киргизбей койгондугу белгилүү болду. Бул бир эле мисал. Былтыркы жылы Кытай тарапка 5812 баш эшек чыгарылганы, алар Кыргызстанда 200-300 доллардан эле сатылып алынып, Кытайга өтөөрү менен 800 доллардан пулданып, алып баргандар аябагандай акчага туйтунганы айтылып келет.

Мына ушул бизнести ким көзөмөлдөп, ким калкалайт? Айрым маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров менен Ветеринария департаментинин директору Калыс Жумакановдун аты аталып жүрөт.

Булак: Фабула

Последние новости