www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Алло" деп ырдап атагы чыккан Казакстандык шоу-бизнестин эң көрүнүктүү ырчыларынын бири Торегали Торэалинин жеке жашоосу көпчүлүк үчүн сыр. Ал болгон ЖМКга жеке жашоосу тууралуу тап такыр кеп кылбайт же ар дайым “бойдокмун” деп айтып келет. Бирок, баары андай эмес! Биз бул сырды ачыкка чыгарабыз!

Торегали айтышта жүргөн акын кезинде Толкун Турарбек кызы аттуу сулууга казактын каада-салты менен баш кошуп, андан соң шоу-бизнес дүйнөсүнө аралашкан. 2014-жылы эң алгачкы жолу “Ата” статусуна ээ болгон ырчынын үчүнчү наристеси жакында эле жарыкка келди. Торегали быйыл 25 жашка толсо да, аны эч ким үч баланын атасы деп элестетбейт. Себеби, эрте жашынан ата-энесинин колдоосу менен жубайлуу болгон ырчы мырза үй-бүлөсүнүн эң улуусу жана жалгыз уул. Өзүнөн кийин эки карындашы бар. Небере жытына мас болуп, уулунун ийгиликтерине кубанып жүргөн Торэали мырза бул жылы болбосо да убакыт-сааты келсе, уулунун заманбап тоюн өткөрүп, келинин бетин ачыкка чыгаруу ниети бар экенин биздин ишенимдүү булактар билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости