www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эшиктен куулса, тешиктен киргендер...

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кожобек Рыспаев, Жыргалбек Турускуловдор караса көзгө илинбей, кайда экени билинбей кетти эле. Көрсөң бар экен. Жылуу коңулга кирип алышып, көздөн далдоо тирилик кылып жатышыптыр. 

Кожобек Рыспаев Кыргызстан улуттук электр тармагынын директорлор кеңешинин төрагасы, Жыргалбек Турускулов директорлор кеңешинин мүчөсү болуп алышыптыр.

Ушуларга эле жыргал. Эшиктен куулса, тешиктен киришип. Кайда болсун эбин табышып, жеңден кончко куюлуп түшүп жан багышат... Иши кылып буларга мамлекеттин акырынан "жем жеп", жемсөөлөрүн толтуруп туруш керек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости