www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жозеф Байдендин эч кандай чарпаларды көрбөй отура бериши өлкөнүн тарыхындагы биринчи дефолтко алып келиши мүмкүн. Бул туурасында Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккартинин айтканын РИА Новости жазды.

"Мамлекеттик карыз боюнча Байдендин дефолтуна 10 күн калды. Ал менин сүйлөшүүлөр керектиги боюнча бир нече жолу жасаган чакырыктарды кулак сыртынан кетирип, жакындап келе жаткан кризисти тоготпой койду. Эч нерсе жасабай отура бергендигинен улам Америка тарыхында биринчи дефолтко кабылуу тобокелдигинде турат", — деген Маккарти.

Мамлекеттик карыз боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын январдын ортосунда эле айтканын белгилеген. Ага президент кулак салбай, майдын ортосунда гана бул диалог зарылдыгын моюндагандыгын кошумчалаган.

Мурдараак Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Өкүлдөр палатасынын спикеринин командасы мамлекеттик карыздардын көйгөйү боюнча сүйлөшүүлөрдү "артка жылдырган" бир канча сунуштарды киргизди деген билдирүү кылган. АКШнын президенти өзү республикачылардын демилгесин "жөн эле нерсе" деп атап, дефолт болбойт деп кепилдик берүүдөн баш тарткан. Байдендин айтымында, учурдагы каатчылыкты республикачылар жараткан, карызын төлөөгө АКШнын кудурети жетет. Дефолт болсо өлкө экономикасы төмөндөп, Вашингтондун эл аралык аренадагы кадырына доо кетерин белгиледи.

Эскерте кетсек, АКШнын финансы министри Конгресске январь айында мамлекеттик карыздын чегинин 31,381 триллион долларга жеткенине байланыштуу "өзгөчө чаралардын" башталышы жөнүндө коңгуроо каккан. Ак үй Конгресстен чекти өйдөлөтүүнү талап кылууда, ал эми республикачылардын оппозициясы көзөмөлдөгөн Эл өкүлдөр палатасы бул кадамды бюджетти кыскартууга байлап жатат. Ал арада финансы министри Жанет Йеллен Конгресс карыз алуунун чегин кеңейтип бербесе АКШ 1-июндан тарта мамлекеттик карызын толугу менен тейлөөгө алы келбей калышы мүмкүн экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости