www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып пул салынарын эскертти.

Жарандарга 7,5 миң сом, ал эми ишканалар жана уюмдар үчүн 23 миң сом айып пул салынат.

Айып пул Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кылмышкер күнөөсүн мойнуна алганына же албаганына карабастан салынат.

“Жарандар чогулган таштандыларды жана жалбырактарды коомдук иш күнү аяктагандан кийин кадимки таштанды челектерине ыргытса болот. Андан кийин аны “Тазалык” ишканасы алып кетет. Бирок жалбырактарды жана башка жашыл чөптөрдү өрттөөгө катуу тыюу салынат. Жалбырактардын түтүнүнөн зыяндуу заттар бөлүнүп чыгып, оор кесепеттерге алып келет”, — деп айтылат маалыматта. 

Муниципалитет ошондой эле 15-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаарында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруунун бир айлыгы өтүп жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости