www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди, ошондой эле Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгрым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белованы камакка алууга эл аралык ордер берди. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы жазып чыкты.

"Бүгүн, 2023-жылдын 17-мартында, Эл аралык кылмыш сотунун Экинчи Сотко чейинки палатасы Украинадагы кырдаалдын контекстинде эки адамды камакка алууга ордер берди: Владимир Владимирович Путин жана Мария Алексеевна Львова-Белова", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун иликтөө комиссиясы Украинанын балдарын Орусияга алып чыгып кетүү согуш кылмышы катары каралышы мүмкүн экенин билдирген.

Последние новости