www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда 16-мартта пенсия реформасы кабыл алынгандан кийин болгон нааразылык акцияларында 300дөн ашуун адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

"Кечээ Парижде 258, ал эми провинцияларды алсак, 310 адам камакка алынды", - деди республиканын ички иштер министри Жеральд Дарманин RTL телеканалына.

16-мартта француз бийликтери Франциянын Конституциясынын 49-беренесинин негизинде өлкөдө пенсияны реформалоо долбоорун төмөнкү палатада добуш берүүсүз жүргүзүүнү чечти. Аталган берене аткаруу бийлигине депутаттардын макулдугу жок эле мыйзамды кабыл алуу укугун берет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости