www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Легендарлуу америкалык мушкер, дүйнөнүн эки салмак категориясындагы мурдагы абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд Кыргызстанда өзүнүн бокс академиясын ачууну каалап жатканын уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, академия жаш мушкерлерди даярдоо, машыктыруучулардын тажрыйбасын жогорулатуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталат. Долбоордун чоо-жайы Холифилддин Кыргызстанга болгон сапары учурунда талкууланат.
Ошондой эле анын өмүрү жана спорттук жолу тууралуу тартылып жаткан даректүү тасманын айрым эпизоддору Ысык-Көлдө тартылары белгилүү болду.
Эвандер Холифилд 2026-жылдын 3-июлунда Бишкектеги «Жаштык Аренада» өтө турган эл аралык профессионалдык бокс кечесинин ардактуу коногу катары келет. Турнирге жети өлкөнүн мушкерлери катышып, сегиз беттеш, анын ичинде эки титулдук кармаш өткөрүлөт. Уюштуруучулар бул иш-чара Кыргызстанда профессионалдык боксту системалуу өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешти.